Таластагы Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ), Талас JIA жана Талас шаардык Салык кызматы менен биргеликте ишкерлер үчүн маалыматтык семинар өткөрдү.

Жолугушууда ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн тарифти колдонуу жөнүндө тастыктоону электрондук түрдө берүү, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, салык төлөөчүнүн отчету STI-161_5 жөнүндө жана башка жеке салык тууралуу суроолоруна ишкерлер жооп алышты.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!