Алманбет Абылкасым уулу Ош шаарында жайгашкан Osh Business School’дун негиздөөчүсү жана ишкерлик боюнча адис. Ал бизнес башкаруу адистиги боюнча, Орта Азиядагы Америка Университетин (АУЦА) аяктаган. Кесибине ылайык, ишкерлерге бизнес, билим берүү жана ишкердик чөйрөсүндө консультация берип, ишкердикте алгачкы кадамдарын жасоого көмөк көрсөткөн.
Бул максатты аркалай, Алманбет мырза “Osh Business School” деп аталган өзүнүн жеке ишканасын түптөгон. Osh Business School — бул ишкердик жана лидерлик багытында окутуу жүргүзгөн билим берүү мекемеси. Мектепти негиздөө идеясы, жаштарды ишкердикке даярдоо жана аларга практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү максаты менен чыккан. Максаты — аймактагы ишкерлерге өз алдынча бизнес ачуу жана башкаруу боюнча тийиштүү билим жана көндүмдөрдү берүү. Ош шаары, Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкерлик потенциалы жогору аймак болгондуктан, мындай мектептин зарылдыгы сезилген.
Ишкердик жаатында иш жургүзгөндүктөн, Алманбет Абылкасым уулу Ишкердикти Колдоо Борбору менен дайыма тыгыз кызматташтыкта болуусу, анын бизнес тажрыйбасын жогорулатууга чоң жардамын берген. Тагыраагы ИКБнын бизнес-консультанты Рахманов Султан, Ош шаарындагы "Osh Bussines School" компаниясынын негиздөөчүсү Алманбет Абылкасым уулуна бизнес иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ийгиликтүү кеңештерди бере алды. Консультациянын жүрүшүндө иш-чараларга даярдык көрүүнүн негизги аспектилери иштелип чыкты, анын ичинде форматты тандоо, эффективдүү жылдыруу жана катышуучулар менен өз ара аракеттенүү деген темалар каралды. Султан ошондой эле өзүнүн тажрыйбасынан Ошто колдонууга боло турган ийгиликтүү мисалдар менен бөлүштү. Алынган сунуштардын аркасында Алманбет мырза "Жаратман жаштар форумун", “Менин Эверестим” деп аталган Эдуард Кубатов менен жолугушуу, Данияр Аманалиевтен “Ишкердүүлүктү башкаруу” деген бизнес иш-чаралары мыкты деңгээлде өткөн. Ал алдыда боло турган иш-чараларды жайылтуу үчүн ИКБ Оштун медиа колдоосун издөөнү улантууну пландап жатканын белгиледи.
Ар бир ишкер сыяктуу эле, Алманбет мырзанын баштаган ишкердиги дароо жемишин берген эмес. Алгач каржылык жетишсиздик, рыноктук атаандаштык жана башталгыч ишкерлердин тажрыйбасыздыгы сыяктуу факторлор болгон. Бирок ага карабастан, өзүнүн билимин ар тараптуу өнүктүрүп, изденүүнүн жыйынтыгында бизнес тармагында өз ордун табуу аракетинде. Ишкердин негизги багыты — бул билим берүү тармагында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ишкердикке багытталган жаштарды даярдоо аркылуу Ош аймагында жаңы бизнес идеялардын жана долбоорлордун жаралуусуна көмөк көрсөтүү болгондуктан, ар бир жаш ишкерге көрсөткөн колдоосу, анын ийгилиги катары эсептелинет.
Жана жаңы ишкердик чөйрөсүнө келе жаткандар үчүн төмөнкүдөй кеңештерди берет:
1. Туруктуулук: ийгиликке жетүү үчүн, аракетти токтотпой, кыйынчылыктардан сабак алуу маанилүү.
2. Билимге жана тажрыйбага инвестиция жасоо: жаштарды жана башталгыч ишкерлерди дайыма билим алууга жана жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө үндөө.
3. Тармакты кеңейтүү: башкалар менен иштешип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга умтулуу керек.
4. Жеке бренд жана баалуулуктар: ишкер өзүнүн принциптерине жана баалуулуктарына бекем болуп, аларды бизнеске сиңирүүсү зарыл.
Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары менен дайыма кызматташуу, стартап жана орто ишкердик чөйрөсү үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеген ишкер Алманбет Абылкасым уулунун мисалы, региондогу кичи жана башталгыч бизнестин өнүгүүсүнө ИКБнын салымы чоң экендигин белгилейт. Ишкер Алманбет мырза, ИКБ менен мындан ары да ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШЫП, өз ишкердүүлүгү үчүн керектүү консультация алууну улантаарын айтат.
----------
Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) JIA Бизнес-ассоциациясынын @jia.kg демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!
Биздин сайт: www.ishker.kg
Телеграм: https://t.me/ikb_cpp