Абдрахманов Женишбек Нуралиевич. Жалал-Абад облусуна караштуу, Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну. 2021-жылы “Хадия” аттуу бренд менен толук кандуу иштеп баштаган. Учурда 22 кызматкер иштеп келет. 13 кызматкер өндүрүштүн ичинде, калган кызматкерлер сатуу жана бухгалтерия бөлүмүндө.
 "Жаңы баштап жаткан ишкерлерге кеңешим: ички туюмга ишенгиле жана бир максат коюп ошого жетүү үчүн кандай кичине-чоң тоскоолдуктар болбосун артка кайтпагыла. Учурду гана ойлоп башка бирөөлөрдү алдап соода кылбай, чынчыл болгула. Убакыт менен жарышыш керек, эсептешиш керек, үнөмдөш керек жана баалашыбыз керек. Канчалык убакытты туура пайдалансак, максатка жетиш ошончолук тез болот”- дейт.

"Жетишкендиктериме Ишкердикти Колдоо Борборунун салымы чоң. Мисалы: Жакында эле мамлекеттик 6%дык жеңилдетилген 7млн. сомдук насыя акча ала алдым. Бизнес-консультант Рысбек Бекматов 5 жылдык стратегияны камтыган бизнес-план жазып берди. Юрист консультант Ильясбк Жусуев акча алууда жасалчу келишим жана юридикалык кагаз иштерин бүтүрүп берди. Ошол даярдалган кагаздардын негизин жеңип алдым"-дейт Женишбек мырза. Андан сырткары бизнес консультант тарабынан уюштурулган 1С бухгалтердик эсеп курсуна жалпы 5 кызматкерин окуткан. 

"Ишкердикти Колдоо Борбору 5,6 жылдан бери ишкерлер арасын орду аябагандай чоң. Ишкердиктин денгээлин көтөргөнү чоң көмөкчү болду деп ишенем. Билим, тажрыйба, кеп-кеңеш, бизнес, финансы же юридикалык жаатта болбосун өздөрүнүн зор салымын кошуп келишет. Биздин ишкерлер ИКБнын артынан көптөнгөн жетишкендиктерге жетишип келе жатышат. Өзүмдөн эле айтайын, 5 жыл мурун 2 компаниямда биригип 15-20 кызматкер болсо, өнүгүүнүн артында, ИКБнын колдоосу менен 60 жакын иш орун түзүүгө жетиштим"- деп жыйынтыктады.