Кишимжан Кубатбек кызы, Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. Кесиби боюнча англис-испан тилдери боюнча котормочу. Азыркы учурда бул багытта магистратурасын окуп жатат. Каарманыбыз 22 жашында Kiki клининг компанияны негиздеген. Учурда ондогон кыз-келиндер менен чогуу ай сайын жүздөн ашуун кардарларды тейлеп жатат.

Кызмат көрсөтүү тармагында бизнес баштоо канчалык деңгээлде оор болду? 

“Мен алгачкы жолу бизнес баштаганда чөнтөгүмдө эч нерсе жок болчу. 1 000 сомду бирөөдөн карызга алып, ага тазалоочу каражаттарды сатып алганмын. Апамдын чаң соргучун алып алгачкы кардарга кызмат көрсөткөнбүз. Ишкердикте тобекелчилик жана кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга чыдоо маанилүү экен.

Мендеги эң чоң кыйынчылык кадр табуу жана аларды даярдоо болду. Көпчүлүк жумуш издегендердер туруктуу эмес, убактылуу эле жумуш издейт экен. Биз улам жаңы кадр алып даярдаганда, кайра жаңыларды алып үйрөтүүгө туура келет.” 

Кызмат көрсөтүү тармагы - эң татаал тармак. Бирок ошентсе дагы, мага кардарлар менен сүйлөшүү кыйын болбоду. Себеби бул багытты өзүм кызыгып тандап алганмын. Жумушумду сүйүп аткарып жатам. 

Ишкердикте тил билүүнүн кандай артыкчылыктарын  айта аласыз?

Тил билүү эч качан ашыкчалык кылбайт. Мен англис тилин билгеним үчүн, бизге англис тилдүү кардарлар да кайрылган учурлары болот. Мен Испаниянын Кадис шаарынын Кадис университетинде мобилдүүлүк программасы менен бир семестр окуп келдим. Тил билүүнүн өлкө сыртында эле эмес, өлкө ичинде да кайсы гана багыт болбосун, мааниси жана орду чоң.

Кишимжан Кубатбек кызы 2023-жылы Оштогу Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультанты Султан Рахмановго консультация алуу максатында кайрылган. Ал консультациялардын негизинде ОшМУдагы Бизнес парктан 1 жумалык окуусуна катышкан. Жыйынтыгында клинингке керектүү болгон puzzi 10/1  атайын жумшак мебель жана килемдерди ордунда жууй турган аппарат, терезе жуучу аппарат, SC2 буу менен жуучу аппараттарды утуп алган.