Чолпон Сулаймбекованын ишкердик менен алектенгенине 16 жылдын жүзү болду. Буга чейин өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенген.  Акыркы бир жарым жылдан бери ЦУМдун административдик бөлүгүн башкарып келет.

ЦУМ – Каракол шаарынын борборунда жайгашкан эң алгачкы соода борбору.  Кыргызстандын көпчүлүк шаарларындагы борбордук дүкөндөрдөй эле акыркы жылдары эскирип, актуалдуулугун жоготуп калган. Азыркы учурда Чолпон айым командасы менен ЦУМду оңдоп-түзөп, жандандырууга күчүн жумшап жатышат. Алардын максаты – кардарлардын трафигин жогорулатуу, сатууларды көбөйтүү, ЦУМду кайрадан заманбап ишканага айландыруу. 

Чолпон айым ушул жылдын март айында ИКБ Ысык-Көлгө кайрылган. Анын негизги талабы – ишкердикти каттоо, салык режимин тандоо, банктык эсептерди ачуу болгон. 

“Биз ЦУМду алганда документтер башаламан эле. Ошолорду ирээтке алып келтирүүдө ИКБнын салымы чоң. Башынан аягына чейин юрист-консультант Абдибакыт Курбанов чуркады. Керек болсо мөөр алып берип, иш кагаздарыбызды толук ирээтке келтирип, келишимдерди даярдап берди. Ижарачылар менен ижара келишими, кызматкерлер менен эмгек келишими, өнөктөштөр менен кызматташуу келишимдери. Ошондой эле, ички эмгек тартиби, кызматтык нускамалар жана буйруктар. Документацияны кантип туура жүргүзүш керек, кимдер менен кандай келишимдер түзүлөрүн түшүндүрдү. Иш кагаздар так болбогондуктан кыжалат болуп, үйдө болсом да санаам жумушта калчу. Азыр иш-кагаздарды каалаган мекемеге толук көрсөтүп бере алабыз, баары татынакай, тыкан, нугу менен. Бул менин оюмча чоң өзгөрүш, чоң жардам”.

Чолпон Сулаймбекова үлгү болчу ишкер айым. Ал убагында да мамлекетке салык төлөп, ачык иш алып барган. Азыр да ишканадагы дүкөн ээлерин, ижарачыларын  дайыма ККМ менен таза иштөөгө угүттөйт. “Бул ар бир жарандын милдети деп эсептейм. Башкалар кылсын дебей, мен эмне кылышым керек деген суроо беришибиз керек. Мамлекетибиз бизге жеңилдик берет. Мисалы ККМ иштетсе, 8 миллион сомго чейин кирешеде салык көлөмү 0 пайыз болот. Бул өтө сонун нерсе”.

Чолпон айым акырындык менен ЦУМду жандандырып жатат. Кардарлардын келүүсүн көбөйтүү үчүн атайын “кыймылдаткычтарды” тартып келет. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында  Бишкектен ИЛЛЮЗИОН оюн-зоок борборун, АЗИЯ дүкөнүн алып келген. Бул ири өнөктөштүктөрдүн келишимдери да ИКБ аркылуу даярдалган. Эми бул чоң ишканаларга эл көп келет, ошонун аркасы менен дүкөндөрдүн ээлеринин, ижарачылардын соодасы жакшы болот. Чолпон айым мындан ары дагы ремонт иштерин жүргүзүп, таанымал бренддерди кызматташууга чакырып, ЦУМ кайрадан эң биринчи соода борбору болушуна аракеттерин жүргүзөт. 

“Учурдан пайдаланып, ИКБ ишкерлерге өтө керектүү бир борбор экенин айта кетейин. Кеңсеге барып кааласак медиасабаттуулук, маркетинг боюнча, кааласак юридикалык, бухгалтердик кеңеш алабыз. Өзүбүз билбей жаткан нерсени так айтып түшүндүрүп беришет, кеңештери акысыз. Көп учурда коштоого алышат. ИКБ ишкерлерге чоң жардам берет. Мындан ары да ийгиликтүү иштешине, ишкерлерге көмөкчү болуусуна тилектешмин!”