Данияр Абайдуллаев кесиби боюнча юрист. Ишкер бул кесипке атасынын жолун жолдоп келгенин айтат. Анткени атасы юридика багытында иштечү. Жаш убагында ишкер алдына 2 чоң максат койгон. Же ишкер болуп өз алдынча иш алып баруу же жакшы жумушка орношуп жакшы маянага ээ болуу. Данияр Абайдуллаев, алгач түрдүү багытта иштеген. Бир канча жыл гуманитардык багытта иш алып барган уюмдардан тартып жеке компанияларда финансылык директорго чейин көтөрүлгөн. 

Ишкер алгачкы бизнесин жеке авто унаасын сатуу менен баштаган. Алгач мырзалар үчүн чачтарачкана, андан соң IT долбоор негиздеген. Ишкер бул эки багытта өзүнө тажрыйба топтоп андан соң өзү кызыккан курулуш тармагында алектенген. 

IT продукт мектеп үчүн даярдалган долбоор болчу. Ал мектеп окуучуларынын сабакка катышуусу, мугалимдин баа коюсу үчүн ыңгайлуу иш алып барган Оштогу алгачкы долбоорлордон болгон. Экинчи этапта дагы жакшы пландар болгон. Ал долбоордогу эң чоң кемчилик биз программист менен алдын ала келишим түзбөптүрбүз. Анын натыйжасында болбоор аягына чыкпай ири суммада жоготууга учурадык. Бул долбоордон мен өзүмө эң алгач келишим түзүү керек деген сабак алгам” – дейт ишкер.

“Датка гранд” курулуш компаниясы үй-бүлөлүк бизнес. Аны ишкер туугандар менен биригип баштаган. Компания 2019-жылы негизделип учурда кардарлага 4 имаратын куруп жатат. Ал убакыт ичинде ишкердиктин өйдө-ылдыйын көргөн ишкер ишкердикте келишимдин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Ишкер Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) юрист-консультанты Бакыт Сартмаметов менен компаниянын келишимдерин чогуу иштеп чыккан.