Таланбек Бадышов Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал  2000-жылы жогорку окуу жайды аяктап 2019-жылга чейин банк тармагында иштеген. Ушул убакыттын ичинде жетекчиликке чейин көтөрүлгөн каарманыбыз өзүн ишкердик багыттан издеген. Эң алгач өнөктөшү менен чогуу “Оомат строй” курулуш компаниясын негиздеп ийгиликтүү иш алып барган. 


2 жылга чукул ойлонуудан кийин ишкер Кочкор Ата шаарындагы  “IT KG” коомдук фондун түптөөгө жетишкен. Ишкердин бул багытта билими болгонуна карабай IT тармагында ишкердик кылуусуна анын уулу себеп болгон. Анткени уулу учурда борбор калаада IT тармагында билим алууда. Каарманыбыз уулунун дилгирлигин карап уулу сыяктуу жаштардын, айрыкча шаарга барып окууга мүмкүнчүлүгү жок тургундар үчүн атайын “IT KG” борборун ачкан. Себеби Жалал-Абад облусунда бул тармакта окуу борборлору буга чейин болгон эмес. 

Ишкер бул багытта атайын Бишкектен мугалимдерди тарткан. Анын айтымында Жалал-Абад облусу боюнча 2 жыл ичинде 1 000 IT адисин чыгарууну максат кылат. Келечекте Кыргызстанга ал даярдаган адистер аркылуу инвесторлор келээрине ишенет. 

“IT KG” окуу борборунун өзгөчөлүгү жергиликтүү элдин талабына жараша кыргыз тилинде окутулат. 

Ишкер үчүн эң чоң тоскоолдук жаштардын кызыгуусун арттыруу. Ата-энелерге тушүндүрүү иштери ошондой эле мугалим табуу түйшүгү болгон. 

Талантбек Бадышов Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) Жалал-Абад облусундагы юрист-консультанты Ильясбек Жусуевдин жардамы менен ишкананын документ иштери, келишимдер, мамлекеттик тактоо тууралуу толук кандуу консультация алып анын негизинде иш алып барууга жетишти.