Эң негизгиси - жашоо токтогон жок, жашоо уланып жатат. Демек, ишкердик дагы уланат. Бирок, кайсы түрлөрү жана кантип?

Биринчи кезекте - адамдын негизги муктаждыктарын камсыздаган ишкердиктин түрлөрү өнүгөт. Алардын ичинен дагы эң жогорку талапка ээ болгону - тамак-аш. Демек, тамак-ашты өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу (жеткирүү) тармактарына көңүл бурушубуз зарыл. Тамак-аш дегенде, бул жерде биз биринчи кезекте айыл-чарба продукциясын максат кылып жатабыз. 

Эмне үчүн биринчи кезекте айыл-чарба? Анткени, Кыргызстан - агрардык мамлекет жана 60% калк - элеттиктер.


Ушул күнгө чейин тийиштүү мамлекеттик мекемелер дыйкандар өстүргөн өнүмдөрдү пландуу түрдө, чоң көлөмдө сатып бере алган жок. Демек, айыл чарба продукциясын сырткы базарда сатууда ишкерлер үчүн чоң жумуш бар.


Дагы бир нерсе - акыркы жылдарда “жашыл экономика” деген түшүнүк дүйнөдө кеңири жайылып баштады. Бул эмне:

🔹Экономика жана экологиянын байланыштарын эске алуу;

🔹Экономикалык иш жургузүүдө экологияга болгон терс таасирди мүмкүн болушунча жокко чыгаруу (азайтуу).

🔹Демек, айыл-чарба өндүрүшү тармагындагы ишкерлер “жашыл экономика” принциптерине негизделген, алдыңкы технологияларды пайдаланган ишканаларды  курушу зарыл.

🔹Акыркы мезгилде, жалпы дүйнөдө химиялык уу заттар колдонулбай, табигый жол менен өстүрүлгөн айыл-чарба өнүмдөрүнө талап жогору. Андыктан, ушул багытта иш алып баруу зарыл.

Дагы бир маанилүү маселе - кардарлардын сиздин ишканага болгон байланышын (же жакшы көз-карашын) бекемдөө. Мисалы, сиз айыл-чарба тармагында иштейм деп чечим кабыл алдыңыз. Өнөктөштөр менен биригип кооператив түздүңүз жана жумушту баштадыңыз. Ушул учурдан баштап, сиз болочок кардарларыңызга өзүңүздүн ишиңиздин жалпы жүрүшүн интернет аркылуу (сайт, соцтармактар) маалымдап турушуңуз зарыл. Б. а. Россия мамлекетиндеги кардарыңыз, Кыргызстандын жашыл талааларын, таза абасын, тунук суусун камтыган видео- жана фотоматериалдар аркылуу, колунда кармап турган өнүм кайсы  жерде өстүрүлгөнүн көрүп турса, сиз сунуп жаткан өнүмгө жана сиздин ишканаңызга дагы бекемирээк байланат. 


Мамлекетибизде сугат жердин аянты андай эле көп эмес. Бирок, айыл-чарба продукциясын өндүрүүдөгү биздин абдан чоң артыкчылыгыбыз - бузулбаган экология. Булар - таза аба, таза суу жана топурак. Өзгөчө, тоолордун алдындагы аймактардын экологиясы абдан жакшы сакталган. 

Эмне өстүрөбүз? Бир гектардан чоң киреше алып келген өнүмдөрдү. Мөмө-жемиштерди (кулпунай, малина ж. б.), алма жана алмурут, бадам жана мисте ж. б.  Бул жерде көңүл бурган нерсе - өстүргөн өнүмдү кайра иштетүүнү камсыздоо. Мисалы, малина жана кулпунайдан пюре, джем жасаса болот, тоңдурса же кургатса болот. Алмадан шире жасаса болот (сок прямого отжима - абдан сонун нерсе) ж. б. Кыскасы, өстүргөн нерсени мүмкүн болушунча кайра иштетип, кымбат баада сатыш керек. 

Бул үчүн жакшы даярдык керек - сапаттуу базар изилдөө, туура тандалган айыл-чарба өнүмдөрү, адам ресурстары (адистердин командасы), акча каражат ж. б. Ошол эле учурда, мамлекет тараптан айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө жана кайра иштеткен ишканаларга салыктардан чоң жеңилдиктер бар - пайда салыгы, сатуу салыгы жана кошумча нарк салыктарынан бошотулган, ишкана тараптан кызматкерге төлөнүүчү социалдык төлөм - болгону 2% (айлык эмгек акыдан). Бул факторлордун  баары ишкер үчүн чоң артыкчылык.

🔹Муну жашоодо кантип ишке ашырабыз дейсизби? Ал абдан эле оңой - билекти жогору түрүп, белди бекем байлап иш кылууга киришебиз.