Макаланы даярдаган Ишкердикти Колдоо Борборунун Ысык-Көл облусундагы юрист-кеңешчиси Мирлан Давляев. Акысыз кеңеш алуу үчүн 0 222 063 646 номерине ИШКЕР деп жазыңыз!

Ишкердикти баштоодо салык режимин кантип туура тандоо керек?

Ишкердикти баштоодо эң негизги нерселердин бири бул салык режимин тандоо болуп эсептелет. Себеби тандалган салык режимине жараша ишкер ишкердигин жүргүзөт жана салык боюнча отчетторун берип турат.

Салык бул  — юридикалык жана жеке жактардан милдеттүү түрдөгү финансалык же кандайдыр бир башка түрдөгү мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге жана бюджеттик эмес фондуларга алынуучу милдеттүү түрдөгү жыйымдар.

Салык режими - Салык кодексинде жана ага ылайык кабыл алынган мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу белгилүү бир мезгил үчүн салыктарды жана жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн өзгөчө тартиби.   

Кыргыз Республикасынын салык кодексинде 46-беренесине ылайык жалпы салык режими жана атайын салык режимдери болуп негизинен экиге бөлүнөт. 

Жалпы салык режимин тандаган ишкер төмөндөгүдөй салык түрлөрүн төлөөгө жана отчетун берүүгө милдеттүү болот:

1.    Киреше салыгы 10% жылына бир жолу;

2.    Пайда салыгы 10% жана отчеттор 1 квартал, 6 айлык, 9 ай, жылдык жана декларация болуп берилет.

3.    Сатуу салыгы 1% дан 5% чейин төлөнөт жана ай сайын отчет берилет.

4.    Кошумча нарк салыгы 12 % ай сайын отчет берилет.

5.    Кызматкер алып иштеткен уюмдага кызматкердин айлыгынан 10% киреше салыгын чегерет.

Атайын салык режимдери салыктардын ордун алмаштырып жана бирктирип өзгөчө тартип менен Салык кодексине ылайык төлөнөт. Атайын салык режимдеринин Ишкердикте көп колдонулган негизги эки түрү  болуп төмөнкүлөр саналат:

1. патенттин негизиндеги салык;

2. бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгɵн тутуму;

Патенттин негизиндеги салык – салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму болуп ыктыярдуу түрдө төлөнөт.

Патенттин негизинде иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасынын чектелген ишмердүүлүктүн түрү жана жылдык ишмердүүлүгүндө жүргүрткөн акча каражаты 8 000 000 сом ашпаган шарттарды сактаган ишкерлер иш жүргүзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгɵн тутуму бул - пайда салыгы + сатуу салыгы + кошумча нарк салыгынын бириктирилип жөнөкөйлөштүргөнү. Бирдиктүү салык режими ишкерлерге ишкердигин жеңилдетүү менен бир канча түрлөргө бөлунөт. 

    Жалпы салык режими менен иштеп жаткан ишкер Бирдиктүү салык режимине өтүү үчүн, ишкер катталган органга учурдагы жылдын (2023)1-декабрына чейин арыз менен кайрылуусу тийиш. Жаңы жылдын (2024) 1-январынан тартып бирдиктүү салык режими менен ишкер отчет бере баштайт.

    Бирдиктүү салык режимине өткөн ишкерлер Салык Кодексинин талабына ылайык ККМ жана электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) колдонууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесине ылайык бирдиктүү салык режиминде төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: 

1. күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын көлөмү төмөнкүдөй болгон субъект тарабынан:

- 30000000 сомго чейин - 0,5 пайыз;

- 30000000 сомдон 50000000 сомго чейин - 1 пайыз;

2. ушул “1” пунктта көрсөтүлбөгөн субъекттер тарабынан:

- накталай формада - 4 пайыз;

- накталай эмес формада - 2 пайыз;

- ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине - 4 пайыз;

3. айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүштүк чөйрө, туроператордук иштер, эсептөө техникалары жаатында программалык камсыз кылууну иштеп чыгуулар, ошондой эле турагенттик иш үчүн:

а) накталай формада - 4 пайыз;

б) накталай эмес формада - 2 пайыз;

4. иштин калган түрлөрү үчүн:

а) накталай формада - 6 пайыз;

б) накталай эмес формада - 4 пайыз.

5. Тигүү жана/же текстиль өндүрүшүнүн субъекти 2027-жылдын 1-январына чейинки мезгил ичинде ушул ишке карата 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.

6. Төмөнкү субъект 8 пайыз өлчөмүндө төлөйт:

6.1. лотереялык ишти жүзөгө ашыруучу;

6.2. муниципалдык мончолорду кошпогондо, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын көрсөтүүчү.

7. Коомдук тамактануу субъекти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:

1) Бишкек жана Ош шаарларында:

а) накталай формада - 6 пайыз;

б) накталай эмес формада - 4 пайыз;

2) Кыргыз Республикасынын калган аймактарында:

а) накталай формада - 4 пайыз;

б) накталай эмес формада - 2 пайыз.

6. Креативдүү индустрия паркынын резиденти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:

а) 2023 жана 2024-жылдарда - 0,5 пайыз;

б) 2025 жана 2026-жылдарда - 1 пайыз;

в) 2027-жылдан тартып - 2 пайыз.

7. Бирдиктүү салык режимини  0 (нөл) пайыздык ставка менен иш алып баруу үчүн төмөнкү шарттарды милдеттүү түрдө сактайт:

1) катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын өлчөмү 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашпаган;

2) ККМ колдонуу менен;

3) экиден ашык эмес жалданма кызматкерлерди тартуу менен;

4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган.

8. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер төмөнкү шарттарды бир эле учурда аткарганда 0,1 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:

1) түшкөн акчанын өлчөмү катары менен келген акыркы 12 айда 100 000 000 (жүз миллион) сомдон ашпаса;

2) ишти ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМ, электрондук эсеп-фактураларды жана коштомо документтерди милдеттүү түрдө колдонуу менен жүзөгө ашырса;

3) жеке ишкер төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзбөсө:

а) товарларды өндүрүү;

б) алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сатып өткөрүү;

4) жеке ишкер экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаса.

Ар бир ишкер салык режимин тандап жатканда көңүл буруп анализдеп кандай ишкердик баштап кандай салыктарды төлөй тургандыгы туралуу толук маалыматта алуусу зарыл. Себеби ишкердиктин түрлөрүнө жараша кээ бир салыктардан жеңилдетүүлөр берилген. Мисалга алсак, билим берүү тармагы пайда салыгынан бошотулган, ошондой эле КНСнан да.  Ишкер, ишмердүүлүгүн баштоодон алдың, салык режимин тандоо канчалык чоң мааниге ээ экендигин айтсак болот. Ишкерде салык режими боюнча маалыматы толук болсо, мамлекетке төлөп жаткан салыгын атуулдук парз катары сезет деп ишенебиз.