Ишкердикти колдоо борбору ишкерлердин көңүлүн салык кодексине кирген өзгөрүүлөргө көңүлүңүздөрдү бурат: 309-беренесинин 2-подпунктуна ылайык электрондук эсеп-фактураны колдонбоо, ошондой эле эсеп-фактураны бербестен жана албастан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу учурларда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген эсеп-фактураны милдеттүү түрдө берүү же алуу, - жеке жактарга жүз эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга - 280 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

04/04/2023 жарыяланган күндөн тартып жарактуу

Баарыбызга маалым болгондой эле, ишкердикти жүргүзүүдө ишкерлер салык төлөөсү милдеттүү, анткени салыктар өлкөбүздүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыргызстанда 2023-жылдын статистикасы боюнча салыкты өз убагында төлөгөн элүү миңден ашуун ишкер бар. Ишкердикти колдоо борбору бардык ишкерлерди салыкты өз убагында төлөп, тазажана ачык ишкерликти жайылтууга чакырат. Атайын бул үчүн биз сиздерге салык өзгөрүүлөрү боюнча маалымат даярдадык.

Маалыматты Ишкердикти колдоо борборунун финансы консультанты Бактыбек Рысалиев даярдаган.