Программанын максаты – Ысык-көл облусундагы ишкер-аялдарга каржылык эмес колдооолорду көрсөтүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү.
 
 Программага төмөнкү ишкер-айымдар катыша алышат:
  Ишкердикке окууга даяр болгон;
 Туруктуу иштеп жаткан ишкердиги бар же оригиналдуу/инновациялык бизнес идеялары болгон;
  Ишмердүүлүгү каржылык эмес гранттык колдоого
 муктаж; (өндүрүштү кеңейтүү, кошумча
 жабдыктарды жана материалдарды сатып алуу)
 
 Негизги артыкчылыктуу тармактар:
 Билим берүү жана маалыматтык технологиялар (IT)
 ⁃ Мектепке чейинки билим берүү мекемелери (балдар
 бакчалары);
 ⁃ Кошумча билим берүү мекемелери;
 ⁃ Башка билим берүү мекемелери, IT курстары
 Коомдук тамактануу
 ⁃ Кафе
 ⁃ Ресторандар
 ⁃ Нан жана кондитердик
 азыктарды бышыруучу цехтер
 Кызмат көрсөтүү
 ⁃ Медиа
 ⁃ ТВ
 ⁃ Радио
 ⁃ Туризм
 ⠀
 Тандоодо биринчи кезекте
 
 Экономикалык жактан төмөн, турмуштук оор кырдаалда болгон жана майыптыгы бар аялдарга, ошондой эле социалдык багыттагы ишкердикке, экспортко
 багытталган бизнеске артыкчылык берилет.
 
 
 Тандалган катышуучулар:
 - ишкердүүлүк, бизнести пландаштыруу, финансылык башкаруу, маркетинг жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерлетүү боюнча окуулардан өтүшөт;
 - өздөрүнүн бизнес долбоорлорун жазып жана таанытышат;
 - келишимдин бүт мөөнөтү ичинде ИКБнын консультанттары тарабынан консультациялык жана ар тараптуу колдоо алышат (1 жылга чейин);
 - өз ишин өнүктүрүүгө керектүү жабдууларды, материалдарды же шаймандарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
 - ишкердикти баштоо/жүргүзүү үчүн жабдуулар жана/же материалдар түрүндөгү грант ала алат.
 
 Гранттар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып алуу процедуралары аяктоосуна карап берилет.
 Финансылык эмес колдоонун/гранттын максималдуу суммасы 135 миң сомго чейин болот.
 
 Эскертүү!
 Программага катышуу үчүн арыз формасында ишенимдүү маалыматтар камтылышы керек. Долбоорлор үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга багытталбашы керек.
 
 Конкурска берилген документтер жана материалдар Программанын катышуучуларына кайтарылбайт жана каралбайт.
 
 Арыздарды кабыл алуу жана программага катышуунун шарты
 - Программага катышуу үчүн толтурулган арызды https://forms.gle/JWYo8F2r13Sb3Xhb7
 шилтемеси аркылуу 2022-жылдын 31-марты саат 18:00гө чейин тапшыруу;
 - Улуттук паспорттун (ID card) көчүрмөсүн берүү.
 
 

 Толук маалымат үчүн ИКБ Караколго саат 09:00дөн 17:00гө чейин кайрылсаңыздар болот:
 Бизнес-консультант
 Рысбеков Ырыскелди
 +996 777 465 281
 Юрист-консультант
 Курбанов Абдибакыт
 +996 550 671 566
 
 
 * Программага катышуу акысыз.