Жусуев Ильясбек Маликбаевич – тажрыйбалуу юрист-консультант. Жарандык-укуктук келишимдерди түзүү, уюштуруу документтерин иштеп чыгуу жана юридикалык жактарды түзүү боюнча адистешкен. Компанияларды түзүүдө Кыргызстандын жарандары гана эмес, чет өлкөлүк жарандар менен да иш алып барган. Бир жылдын ичинде Ильясбек Жусуев 40тан ашык ишкананы түзүүгө көмөк көрсөтүп, укуктук жардам берген, ал эми 90дан ашык ар кандай тармактагы ишканалар консультациялык колдоо алышкан. Мындан тышкары, ал ар түрдүү укуктук маселелер боюнча 250дөн ашык консультация өткөргөн. Чоң тажрыйбасынын аркасында ал өз кардарларына ар дайым мыйзамга ылайык туура чечимдерди сунуштап келет.

Квалификациясын жогорулатуу максатында Ильясбек Жусуев ар кандай курстарга катышкан:

  • 2012-жылы Сочи шаарында – «Компанияда келишимдик ишти уюштуруу» курсу;

  • 2012-жылы Санкт-Петербург шаарында – «Укуктук иштер боюнча директор» курсу;

  • 2011-жылы Москва шаарында – «Юридикалык практиканын актуалдуу маселелери» жана «Презентация жана доо иштери боюнча юрист» курстары.

Жусуев Ильясбек Кыргыз Республикасында адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензияга ээ — Адвокат.

Тел.: +996 779 62 49 60