“Биздин негизги максат — Таластын табигый байлыгын заманбап азыкка айлантуу, ошону менен бирге жергиликтүү экономикага түрткү берүү болуп келет.”
Ашкабактан мүмкүнчүлүккө: Батма Жанкарачеванын ийгилик жолу
Талас шаарында жашаган ишкер үй-бүлө — Батма Жанкарачева жана жолдошу — айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сатуу менен алектенишет. Алар айрыкча ашкабак өстүрүүдө жана анын үрөнүн экспорттоо, өзүн кайра иштетүү иштеринде демилгелүү жана жигердүү эмгек жасап келишет.
Таластын байлыгы — жаңы мүмкүнчүлүк!
“Биз иштин алгачкы баскычында ар түрдүү жашылчаларды эгип сынап көрдүк. Тажрыйбанын жана анализдин жыйынтыгында ашкабакка токтолдук — анын үрөнү бардык сапат стандарттарына жооп бергенин лабораториялык анализдер аркылуу аныктадык. Бул ийгиликке Таластын күн нуру, мөлтүр суусу жана таза абасы да чоң таасир этти.
Ушинтип, 2019-жылдан баштап, жолдошум Япондук өнөктөштүк аркылуу ашкабак үрөөнүн өндүрүп, экспорттоого багытталган айыл чарба продукцияларын иштеп чыга баштады. Талас өрөөнүнүн берекелүү жери ашкабак өстүрүүгө өзгөчө ылайыктуу экендигин көрсөттү — ал мыкты сапаттагы үрөөндү берди.
Бирок ашкабактын эти үрөөн алынгандан кийин тез эле жарабай калат. Ошондон улам биз экологиялык жана экономикалык чечим издеп, «Бир айыл — бир продукт» долбооруна негизделген жаңы багытты иштеп чыктык. 2020-жылдан тарта ашкабак порошогун, анадан соң ашкабак шорпосун чыгара баштадык — бул даамдуу, пайдалуу жана узак мөөнөткө сакталуучу продукт.”
Ийгиликке жеткенде, албетте кыйынчылыктар дагы кездешет. Ишкердик жолунун алгачкы этаптарына токтолсок, Батма айым бизнес пландоо, маркетинг жана салык системасынан кыйналып, билим жетишсиздигине туш болгон. Продукцияны сактоого ылайыктуу шарттар да жок эле. Бирок ал токтогон жок — ар бир кыйынчылыкты мүмкүнчүлүккө айландырууга аракет кылды.
📚 ИКБ колдоосу: ишке дем
2024–2025-жылдары Батма ИКБ тарабынан көрсөтүлгөн ар түрдүү колдоолордун аркасында жаңы кадамдарды таштады:
- Бизнес-план, маркетинг жана салык боюнча окутууларга катышып баштады;
- Электрондук салык системасына өтүүдө кеңештер жана актуалдуу маалыматтар берилди;
- 2024-жылы ИКБнын алкагында уюштурган “Аялдардын экномикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” гранттык программасына катышып, муздаткыч утуп алды. 2025-жылдын башында орнотулган жабдык продукцияны сапаттуу сактоого шарт жаратты;
- Бишкекте болгон форумга катышып, жаңы кардарлар менен байланыш түздү.
🌟 Натыйжаларга токтосок, Батма Жанкарачева ишкердикке болгон ишеними артып, келечекке карай ишенимдүү кадамдар боло баштады:
- Продукциянын сапаты жана сактоо мөөнөтү жогорулады;
- Электрондук системаларда өз алдынча иштей баштады;
- Жарнама жана сатуу иштери жанданды;
- Форум жана жарманкелер аркылуу кардарлар көбөйдү.
Албетте Батма айымдын аракети ийгиликке жеткирди, ошо менен биргеликте ИКБнын ролун айтып кетпесек болбойт.
ИКБ узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүп, теориялык жана практикалык кеңештери менен ишкердин өсүшүнө түздөн-түз таасир берди. Батма сыяктуу аракетчил ишкерлер үчүн бул — чыныгы өнүгүү платформасы болду.
Бренд — бул ишкананын үнү!
Жанкарачева Батма ИКБ Таластын колдоосу менен ишканасынын брендин кайрадан жаратып, логотип, аталыш жана этикеткалар аркылуу продукцияларын Кыргызстандын булуң-бурчуна таанытууда!
📈 Маркетингди өздөштүрүү сатууларды 15–20%га чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул — жөн гана визуал эмес, ишеним, сапат жана таанымалдык!
__________________________________________________________
📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.
#икб
#цпп
#ишкердиктиколдооборбору
#кыргызстан