Нурсултан Сулайманов - менеджмент, маркетинг жана бизнес план иштеп чыгуу боюнча консультант. 2 жылдын аралыгында Кыргызстандын ар тармагындагы 200дөн ашык компаниясы бар ишкерлерге консультация берген. Сулайманов Нурсултан компанияны эффективдүү өнүктүрүү, маркетинг жана ошондой эле бизнес-проекттерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик билимге ээ. Белгилеп кетсек анын иштеп чыккан бизнес пландары ишкерлер үчүн 5 млн ашык грант тарта алган. Өзүнүн кең тажрыйбасына таянып , кардарларына ар дайым креативдүү чечимдерди сунуштайт.

Квалификацияны жогорулатуу учун кошумча атайын окууларга катышып,төмөнкү  сертификаттарга ээ болгон:

- Аскар Салымбеков атындагы Фонду CIR Ийгилик Академиясы менен биргеликте «Убакытты башкаруу», «Оратордук чеберчилик», «Коммуникация», «Финансылык сабаттуулук» темасында тренинг.

- Банктар Союзунун Окуу борбору - "Агробизнести кредиттөө технологиясы" темасында семинар.

 - TFP жана ЖАК «Демирбанк» Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте «Сооданы каржылоо продуктулары жана колдонуунун артыкчылыктары» темасында тренинг.

 - KRJC жана JICA “Талас областындагы чакан жана орто бизнес” темасында атайын семинар.

- BFC KVCF жана «Демирбанк» ЖАК менен биргеликте агрокредиттөөдө чечимдерди кабыл алуу боюнча тренинг.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-методикалык борбору «КЖКК жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» темасы боюнча окутуу.

- U.S. Embassy in KR, American Councils  менен connect4pro - "Грант тартуу үчүн долбоордук сунушту иштеп чыгуу" темасында ТОТ интенсивдүү тренинги.

Байланышуу: +996 708 686 848