Кыргызстанда чакан жана орто бизнес үчүн кандай салык режимин тандоо керек?


Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык "салык режими деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу салыктардын жана алардын элементтеринин курамы, ошондой эле аларды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби таанылат".

Кыргыз Республикасында жалпы салык режими жана атайын салык режимдери белгиленет.

Жалпы салыктык режим салык салуу системасы болуп саналат, мында салык төлөөчүдө ушул Кодексте белгиленген жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болот.

Атайын салык режими болуп салык салуу системасы саналат, мында жалпы мамлекеттик салыктардын ордуна салыктардын курамын жана алардын элементтерин аныктоонун жана/же Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык айрым жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү салыктарды төлөө боюнча милдеттерден бошотуунун өзгөчө тартиби колдонулат.

 Атайын салык режими болуп төмөнкүлөр эсептелет::

1) патенттин негизиндеги салык;

2) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;

3) эркин экономикалык зоналардагы салык режими;

4) жогорку технологиялар паркындагы салык режими;

5) тоо салык;

6) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык;

7) оюн-зоок ишине салык.

Чакан жана орто бизнес үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын сунуштайбыз, анткени бул режимде 2024-жылдын аягына чейин салыктык жеңилдиктер каралган.