Ысык-Көл облусу боюнча ири клининг компаниясын негиздеген караколдук Айнура: “Жардамга муктаж жарандардын тизмесинде турчумун”


Булак: https://limon.kg/ky/news:81507 

Талипова Айнура - Каракол шаарынын тургуну. Ал мындан бир канча жыл мурун мамлекеттик социалдык камсыздоо кызматынын жардамга муктаж жарандарынын тизмесинде турчу. Учурда өз аракеттери менен бул тизмеден чыгып, ишкер айымдардын катарын толуктайт. 5 баланы жалгыз өзү тарбиялап, аны менен ишкерликте да ийгиликтерге жетишип жаткан каарманыбыз “Жаркыра” аталышындагы клининг компаниясы тууралуу Limon Media порталына маек курду. 

a9426f7a-ccfc-43ee-bca9-e64a45af2e75 (1)

L. Айнура, саламатсызбы! Алгач окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу тааныштырсаңыз?

Саламатсыздарбы! Мен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1981-жылы төрөлүп, өстүм. Киров атындагы жалпы билим берүү мектебин аяктадым. Каракол шаарындагы Москва институтун филиалына тапшырып, бирок аяктай албай калдым. 

Үй-бүлөлүк шарттарыбыздан улам, миграцияга чыгып, чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур болдук. Орусия өлкөсүнөн баштап, Украина, Грузия, Турцияда мамлекеттеринде дүкөндөрдө, кассаларда, товар ташып, ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. 2021-жылдан баштап туулуп-өскөн Каракол шаарыма кайтып келип, толук кандуу бул жактан иш алып баруудамын. Учурда 43 жаштамын. 5 баланын энесимин. 

b6739d35-8d8f-4efb-916d-b191a6eb315d

L. Кыргызстанга келгенден кийинки кадамдарыңыз кандай болду, эмне иш менен алек болдуңуз?

Караколго келгенден кийин 3 баланы катары менен төрөп, көп убакыт декретте отуруп калдым. Учурда кичүү уулум 5 жашта. 

Ойлоп көрсөм, декретте отурганда аркакет кылып көрүп, ишке ашпай калган 12 долбоорум бар экен. Салат, боорсок жасап сатуу, гүл өстүрүп сатуу сыяктуу көп аракеттерди көргөн экенмин. Бирок баары жакшы ишке ашкан эмес. Анкени ал убакта ишкерлик боюнча окуулардан өткөн эмесмин. Каржылык сабаттуулук жок, чөйрөмдөгү адамдар да башкача эле. Учурда ишкерлик боюнча ассоциацияларга кирип, алдыга талпынган айымдар менен баарлашып жүрөм. 

Ошентип, көп нерселерди кылып көргөн соң, 2021-жылы клининг компаниясын ачканмын. Дароо эле ИКБ (Ишкердикти Колдоо Борбору) уюмуна барып мүчө болуп катталдым. Алар ишкерлик боюнча - маркетинг, бизнести алып кетүү, салык кызматтары тууралуу бардык маалыматтарды беришити. Алардын кызматкерлери, юристтери, бухгалтерлери бекер колдоо көрсөтүштү.  


Ошондой эле, ишти жаңы баштап жатканда гранттык колдоо көрсөтүшкөн. Алгач бир жума бизнес боюнча окуудан өттүк. Алтургай ишке керектүү жабдууларды кантип тандоо керектиги боюнча да сабактарды өтүштү. Окуулардан кийин конкурстук негизде өз бизнесибизге презентация жасадык. Анын негизинде жакшы деп бааланган катышуучуларга 135 000 сомго жабдуу алып беришти. Биз килемдерди жуучу жабдуу алдык.  

Бул жабдуу менен тазалоо ишибизге дагы бир кызматты кошконго жакшы мүмкүнчүлүк болду. Анткени Караколдо килемдерди алып кетип, жууп берүүчү кызматтар көп, ал эми килемди ордунан жууп кеткендер жокко эсе экен. Ошондуктан биз ушул жабдууну тандадык. Азыркы учурда бул жабдууну отелдердин, мечиттердин ичиндеги чоң, ордунан чыкпай турган килемдерди, турган жеринен эле жууп кетүүгө колдонуп жатабыз. 

Клининг тармагын тандап, компания негиздөөмө дагы бир окутууга катышканым себеп болду. Бизге мэрия тарабынан окутуу жүргөн. Анда Бишкек шаарындагы чоң клининг компаниясынын негиздөөчүсү келип, бизге сабак өткөн. Бул багытта өзүмдө тажырыйба жок болсо дагы, ошол окутуунун негизинде эле ишти баштаганмын. Башында компания өңдөнтүп иштеп кетсек дегенбиз. Бирок бизнес жүргүзгөн таптакыр башкача экен. Клинингде чаң сүргү кармоо менен эле иш жүрүп кетпейт. Ошондуктан башында кыйынчылыктар болду.

Бизнести дагы жакшы жүргүзүп кетүү үчүн башка акселатордук окууларга дагы катышып көрдүм. 4 аксеклатордук програманы бүттүм. Accelerate Prosperity уюмунун 2 жолку жеңүүчүсү болдум. 

fdf32570-60f4-4322-b09f-ddc46b63cba4

Алар аркылуу дагы көп тажырыйба алмашып, бизнес жүргүзүүдөгү билимимди кеңейте алдым. 

Андан тышкары клининг боюнча Бишкете өтүлүүчү окуу программаларга катышып турам. Мындай иш чараларда аял кишилер тажырыйбалары менен көп бөлүшүп, ачык маалымат беришет. Бизде аялдар бири-бирине жакшы нерсени бөлүшкөндөн кызганат, айтып бербейт деген түшүнүк бар эмеспи. Мен муну стереотип деп айтмакмын. Алар катышуучуларга жакшы колдоо кылышып, каталарыңды оңдоо боюнча кеңештер менен бөлүшүп, жумушчуларды кандай тандоо керек, ишти кандай жүргүзүү керектиги боюнча көп маалыматтарды беришет. 

L. Компанияңызга кызматчыларды кантип топтой алдыңыз?

Кызматчыларды топтоо боюнча калкты иш менен камсыз кылуу борборуна кайрыламын. Ошондой эле, социалдык тармактарга жарнамаларды берип турам. 

Азыркы күндө командабызда 2 менеджер бар. Алар кызматчыларды жумушка чыгаруудан мурун акы төлөнүүчү практикадан өткөрүшөт. Кыздар ошол жактан үйрөнүп алып, анан кийинки күнү толук кандуу жумушка чыгышат. Жалпысынан 16 киши эмгектенет.

2d749006-9742-40f3-ac49-c62af10a7fa7

L. Сиздер жаңы ачылганда элдин кабыл алуусу кандай болгон, ал эми учурда кардарларыңыздар кандай? 

Биз алгач ачылганда өзүбүздү “клининг” деген аталышта жарнамаларды бергенбиз. Бирок элдер ал убакта көп түшүнүшпөй, “силер тиш доктур, көз доктурсуңарбы?”,- деп көптөр чалышчу (күлүп). Анан кийин гана жөнөкөй тил менен “биз үй жыйнайбыз” деп жаза баштадык. 

Үй-жыйнайбыз десек, башында көбүнчө очоккана жыйноого чакырышчу. “Тазалоо” деген сөздүн аркасында ушул эле нерсе тургандай, өздөрү алы жетпей калган иштерге бизди чакырышчу. Бирок азыркы учурда клининг дегенди көпчүлүк айымдар түшүнүп калышты, биздин кардарларыбыз, өздөрүнүн убактыларын баалаган адамдар. Айымдар эле эмес, мырзалар деле чалышат. Учурда бул багыт жакшы жайылып, элдер “клининг компаниясына чалып жатамбы?”,- деп толук түшүнүп калышты. 

L. Клининг компанияны ачууңузга эмне түркү болду?

Алгач мен иш баштоомдо көпчүлүк адамдар конкуренция жок жерде бизнес болбойт деп айтышты. Каракол боюнча жалгыз болсоң, демек бул жакта суроо талап жок дешти.

Декретте отурган кезимде конок чакырып, чай куйганга, идиш жууганга жардам керек деген чакырууларга барып турчумун. Өзүм жалгыз бой энемин. Бул клининг компанияны ача элек кезде социалдык коргоо кызматында каттоодо турчумун. Подъезд жууп, коро шыпырмай жумштарга да чыга берчүмүн. Ишкерлик боюнча окуп калгандан кийин ушул тазалоо жумушун тандап калдым. 

Алгач бизнести 3000 сом менен баштагам. Бул каражатка чаң сүргүлөрдү, жууп-тазалоо каражаттарды сатып алып, өзүм ишти баштаганмын. Азыркы учурда менде 850 000 сомдун жабдуулары бар. Бул жабдуулар менен толук кандуу 500-800 чарчы метр объекттерди жыйноого кире алабыз. Быйыл толук кандуу Ысык-көл облусу боюнча иштеп жатабыз. Караколдо жана Балыкчы шаарларында филиалдарыбыз бар. 

1-Skolko-stoit-klining

L. Кызматтарыңыздын баалары канчадан? 

Баалар жыйнай турган имараттын көлөмүнө жараша болот. Жер үйлөрдү чарчы метирине жараша 80 сомдон жогору тазалайбыз. Ал эми квартираларга туруктуу прайс бекиткенбиз: 2 бөлмөлүү үйлөр 5000 сом, 3 бөлмөлүү үйлөр 6000 сом. 

Бизди конок келерде үй иштерине жардам берүүгө, конок үйлөрдү жыйноого да чакырышса болот. Ошондой эле, эмеректерди химиялык тазалоо кызматтарыбыз бар. Кардардын суроо-талабына жараша бир нече кызматтарыбызды көрсөтүп бере алабыз. 

3585d021-5da4-443b-b382-11d00e3c3d3c

L. Мындай клиниг иштетүү менен кандай акча тапса болот экен?

Бул иш алып баруу аракетибизге жараша болот. Жакшы иштегенде 200-250 миң сомго чейин таза кирешеге чыкса болот. Кыздарыбыз күнүмдүк иштеген жумуштарына жараша 1000-2000 сом акысын алышат. Кыздарыбыз күнүнө үчтөн, болбоду дегенде экиден объектке барышат. Кээде чоң объект алып калсак, 2 күн тазалоо иштерин жүргүзгөн күндөрүбүз болот. 

a1de6cfd-ec8d-44d7-acd9-d29622a81fef

L. Тазалоодо кандай каражттарды колдоносуз?

Ишти жеңилдеткен жабдууларыбыз бар. Ошондой эле, жуучу каражаттарды чоң-чоң фирмалар менен иштешип, алардан алып турабыз. 

593ef1e8-aada-4f5b-ac26-53641af1fd61

L. Үй тазалоо боюнча окурмандарыбызга кандай кеңештериңизди бересиз?

Жыйноо иштерине киргенде эле командамдагы кыздарга өйдөдөн ылдыга карай, сааттын жебеси менен тазалоо керектигин айтам. Үй жыйноочуларга да ушул ыкманы сунуштайт элем. Мындай ыкмада тез жана бардык жер камтылып жыйналат. Бизге үй жыйнап жүрөм, билем деген кыздар келет. Бирок ишти баштаганда жууп тазалоону полдон баштап алышат. Андайда жумуш арбыбайт да. 

Биз жаңы иштеп жатканда ”кайненем көлгө кетти, ошого чейин келип калгылачы”,- деп келиндер көп чалышчу. Бирок акыркы бир жылдын ичинде ошол эле кайын энелер көп чалышат. Ошондой эле, мырзалар да биздин кызматты колдонушат.

Бул көрүнүш сүйүндүрөт. Анкени үй жыйноо иштери бир гана кыздарга, келиндерге гана тиешелүү эмес. Алардын да өз иштери болуп, үй жумуштарына жетишпей калышы мүмкүн. Учурда клинингди эл түшүнүү менен кабыл алып, өздөрүнүн колдору бошобосо, атайын биздей кызматтарга кайрылышууда.

L. Айнура маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!