Караколдо китепкана куруу демилгесин колго алган мекенчил ишкер: “Бул китепкана эмерек ишканамды түптөөгө себеп болду”

Булак: https://limon.kg/ky/news:80401 

Самыкбаев Кеңеш Каракол шаарында “Керек эмерек” деген аталыштагы эмерек жасоочу ишкана негиздеген. Ал өзүнүн бул тармакта тажырыйбасы жок болсо да, жамааты менен биргеликте кыска убакыттын ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жаткандыгын айтат. Ишкер эмерек жасоочу цех менен катар эле дүкөнүн кошо ачышкан. Жакында дагы кеңейүүгө аракет кылып жатабыз деген каарманыбыз өзү тууралуу айтып, ишкерлик жолундагы өзгөчөлүктөрү тууралуу Limon.kg медиасына кеп курду.  


L. Кеңеш, саламатсызбы! Алгач, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Мен 1981-жылы Ысык-Көл облусунун Түп айылында төрөлгөнмүн. Мектепти 1-класстан 5-класска чейин Түп айылындагы Карл Маркс мектебинде окугам. 6-класстан тарта Каракол шаарындагы К. Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алдым. Лицейди аяктаган соң, Түркиянын Анкара шаарына келип, стипендиялык программа менен медициналык академияга тапшыргам. Белгилүү себептерден улам, 3-курста медицина тармагындагы окуумду таштап, кайра Анталия шаарындагы Акдеңиз университетинин социология факультетине өткөм. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бул окуу жайды да 3-курста таштоого мажбур болуп, Кыргызстанга кайтып келгем. 

Кыргызстанга келгенде деле чет мамлекетке кайрадан кетүү оюмда бар болчу. Бирок үйдүн кичүүсү да болгондуктан, бир туугандарым 6 жыл лицейде, 9 жыл чет өлкөдө жүргөнүмдү айтышып, эми үйгө баш-көз болуумду суранышкан. Мамлекеттик жумушка да орношуп алган соң, ал ишке көнүп кетип, ошол боюнча Кыргызстанда калып калдым. 

L. Кыргызстанга келгенден кийин кандай жумушта иштедиңиз?

2008-жылдан баштап Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматында кеңсе башчысы болуп 14 жыл эмгектендим. Албетте, МАИ формасын кийип иштебедим, болгону кеңсе жумуштарын уюштуруу менен алектенип жүрдүм. 

80d88ff1-e9ce-4ab1-9e0c-ab4178165ebf

L. Анан жеке ишкерликти кантип баштап калдыңыз жана аны баштоого эмне түрткү болду?

Дос балам лицейдеги инилер, классташтар болуп 10-15 кишидей чогулуп, Каракол шаарындагы жаштарга китепкана салып берели деген пландары менен бөлүшүп калды. Биз бул демилгени колдодук. 

Бирок ишти баштоодо өзүбүздө бир тыйын каражат деле жок эле, башкысы, жакшы идея бар болчу.Чакан каражат чогултуп, шаар жаштарына пайдалуу болсун деп, ишибизди баштадык. Куруу иштерине жумушчуларды жалдап көрдүк. Бирок ансыз да аз каражатыбыз жетпей турганына көзүбүз жетип, өзүбүз жумушчу болдук. Жогоруда айткандай, иштин башын пикирлеш адамдар баштаганбыз, андан кийин Каркакол эли да бизди колдоп, ашар жолу менен китепкананын курулушун бүтүрүп алдык. 

e101b6ba-cb24-41fc-8d82-ee0c1cddac60

Китепкананын орду таштанды салынган жер төлө болчу, биз ал жерди тазалап, курулушуна баштан-аяк өзүбүз киришип, креативдик “Дем” китепканасы деп атап, аны 2020-жылы кишке киргиздик. 

Бул китепкананы куруу иштеринде жыгач менен иштөөдө устачылыкка жөндөмүм бар экенин сездим. Ошондо бул жашоодо жеке эле өкмөттүн жумушу менен жүрүп, алыска кете албасымды байкадым. Устачылыкта өзүбүздүн потенциалыбыз бар экенин байкап, аны өнүктүрүп-өркүндөтүү керектигин түшүндүм.

Буга чейин колума калем сап менен дептерди көтөрүп жүргөм. Ал эми китепкананын салуу иштеринен кийин өзүмө ишеним пайда болуп, ишкерликке кетүүмө бул тажырыйбам түркү берди. Мындай деле оокат кылса болот турбайбы деп, көпкө ойлонбой туруп, дароо эле арызымды жазып, иштен кетип калгам. 

79363526-23fe-4ea9-9dae-f4ec0d257103

(Каракол шаарындагы "Дем" китепканасы)

L.Ишкерликти баштоодогу алгачкы кадамдарыңыды айтып берсеңиз?

Мебель жасаган көп жылдык тажырыйбасы бар Марлен деген бала бар эле. Ал экөөбүз “Керек эмерек” деп фирманы негиздеп, 2022-жылы ишти баштадык. Бирок биздин максат алгач мебель жасоо эмес, экологиялык таза балдарга оюнчук жасайлы деген идея менен башталган. Ал нерсени ишке ашыруу үчүн чыгым көбүрөөк талап кылынгандыктан, Марлендин колуган жакшы келген эмерек жасоо иштери менен алектенүүгө алектенүүнү, кийин андан чогулган каражатка оюнчук жасоого өтөлү дегенбиз. Учурда жалаң корпустуу мебель, лофт мебель, эпоксиддик чайыр менен иштеп жатабыз жана жыгачтын ар кандай түрүнөн эмеректерди жасоодобуз. 

d04670f6-aaeb-437a-bc5d-667b16f5415a

Ал эми станокторду жарнама аркылуу сатып алганбыз, башында жаңысын эмес, мурда колдонулгандарын алдык. Бизнес десе эле көп акча керек деп ойлочумун. Комплект станок сатып жаткан кишиге барып сүйлөшүп, аны бөлүп төлөөгө макулдашып, бир тыйын бербей эле жүктөп кеткенбиз. Анын баасы 700 миң болчу, аны 6 айга бөлүп төлөөгө алганбыз. Экинчи этапта 11 миң долларлык заводдон чыккан станокторду Бишкек шаарынан сатып алдык. Жалпысынан, станокторду жана башка керектүү жабдууларды алганга 2 млн сомдой каражат кетти. Бөлүп төлөөгө макул болуп,  жардам кылган тааныш байкелерге ырахматымды айткым келет. Учурда ишибизге керек болгон аспаптарыбыздын, станокторубуздун баары жетиштүү. 

23e31a79-f02b-497e-aec9-62633ccf9be3

L. Буйрутмалар кантип келүүдө, кардарларды кантип табасыздар? 

Биз Каракол шаарындагы ЖИА Бизнес ассоциациясына башынан эле мүчө болдук. Алардын астындагы Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) жардамы менен ишкерликти баштаганда эле ЖЧШ катары каттоодон өткөнбүз. Алар бул үчүн мамлекеттик мыйзам чегинде кандай документтер керек болсо, ошонун баарын даярдоого жардам берип жана бизнес план түзүп беришти. Мунун баары акысыз болду. Ошондой эле, уюмдун SMM адиси бизге бир жылга чейин эч акысыз, эмгектерибизди социалдык баракчаларга жарыялап жатты. Бизге 70 пайызга жакын буйрутмалар ошол жактан келе баштады. Аймактардагы ишкерлерди ар тараптуу колдоп жатышкандарына аларга ыраазычылык билдирем. 

Азыркы учурда Чолпон-Ата шаарында бир дүкөнүбүз бар. Экинчи дүкөнүбүздү жакында ачканы турабыз. Кардарлар инстаграм же тааныш-билиштер аркылуу буйрутма беришүүдө. 

b6e03707-9717-4c6c-8873-99eddb561c8b

L. Эмерек жасоого материалдар кайдан алынат?

Жыгачтарды азырынча сырттан алып келбейбиз. Өзүбүздөн эле сатып алабыз. Учурда темирден лофт стилинде корпустук эмеректерди жасоого басым коюп жатабыз. Ал эми башка керектелүүчү буюмдардын баарын эле Кыргызстандан алабыз. Каракол туристтик шаар болуп, бул жакка келген чет өлкөлүктөр кыргыз этно стилине кызыккандыгы үчүн акыркы 4-5 айдан бери жыгач эмеректерге өтө көп буйрутмалар келе баштады. 

fecee8a6-578a-4fd3-8654-04823b4a7a8b

L. Эмеректердин дизайнын кантип иштеп чыгасыздар?

Негизи, шаар менен айыл жергесиндеги калктын талаптары ар башка болот. Ошондой эле, ар ким өзүнүн бюджетине же табитине жараша бизге чийип беришет. Алар интернеттен карап, өздөрүнө жаккан дизайн менен бизге буюрутма беришет. Биз ошого ылайыктап жасап берип жатабыз. 

L. Учурда буйрутма берүүчүлөрдун саны канчалык арбын?

Буйрутма болуп жатат. Биз жаңы баштап жаткан стартап долбоорбуз. Бирок жарым жылдан берки байкоом боюнча, буйрутмалар кыш айлары бир аз токтойт экен. Эң көп буйрутма кыргыздын той-аштары болгон убакытта көп келет. Ал учурда жасап жетишпей да калабыз. Декабрдан баштап, март айларына чейин буйрутмалар бир аз азыраак болот.

08ced606-4159-477f-a9ac-804ad090a6c9

L. Учурда жамаатыңызда жалпы канча адам эмгектенүүдө?

Жалпысынан ашпозчу жана тикмечи эжелерибизди кошуп санаганда 17 киши иштөөдө. Бухгалтерибиз да бар, ал аралыктан иштейт. Ушул адамдардын баарына айлык чыгарып берүү үчүн буйрутма көбүрөөк алып, көбүрөөк иштөөбүзгө туура келет. Ал эми өзүм башында болгону үч күн эмерек жасоо иштерине аралаштым. Андан бери өзүм деле толук кандуу эмерек  жасап көрө элекмин. Ишкананын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечип жүрүп, эмерек жасоо иштерине деле кол тийбейт калат экен. 

d7f08bae-d872-4e75-93e9-fae2cb25c7f7

L. Сиз көп жыл мамлекеттик жумушта иштептирсиз, андан соң ишкерлик багытына келген экенсиз. Салыштырмалуу кандай кыйынчылыктар болду?

Биз бир нерсени өндүрүп чыгып, анан аны сатышыбыз керек. Жасалган нерсеге кардар тез табуу үчүн уста жакшы болушу шарт. Анткени жакшы уста болмоюнча, алыс кете албайбыз. 

Ал эми кыйынчылыктар боюнча айтсам, шеригим эмерек жасоо боюнча тажырыйбалуу адам болсо деле, команда топтоо, аларды иштетүү оор экен. Аларды жумуш менен камсыз кылып берүү, бир жерден буйрутма алуу, аны эсептеп келүү, кардарды ошол баага көндүрүү сыяктуу иштин өзүнүн түйшүктөрү бар. Карколдо жакшы адистерди табуу кыйын. Азыр деле кыйынчылыктар болууда, бирок шүгүр, ушул убакыттын ичинде өзүбүз жер сатып алдык. Өзүбүзгө цех салып жатабыз. Анын биринчи этабын бүтүрдүк. Азыр эми дагы аны кеңейтели деген оюбуз бар. Учурдан пайдаланып, биз менен иштешип жаткан командабыздагы адамдарга ыракмат айтам!

8506757c-cab4-4cdb-8db6-d4e5073a070d

L. Эмеректердин баасы эмнеге жараша коюлат?

Кардардын каалоосу боюнча тандалган эмеректердин баасын чыгарып, санап беребиз. Ал эми дүкөнгө коюлган эмеректердин баасы - 4 жарым миңден, 80 миңге чейин болот, буларга ичине комплект менен жасалуучу уктоочу бөлмөнүн эмеректери да кирет. Жеке буйрутма менен эпосиддик чайырдан, кара жыгачтан үстөлдөрдү  жасап жатабыз, алардын баалары - 9 минден өйдө болот. Бардык эмеркектин баалары көлөмүнө жана материалдын сапатына жараша коюлат.

3ac51395-fdf6-4cb0-ac15-d5313461b407

 L. Ишкер болом деген адамдарга кандай кеңеш бересиз?

Учурда документтерди текшерүү жылдан-жылга олуттуу болуп бара жатат. Ошондуктан бизнес баштоодо алгач документтерди иретке келтирип, аны каттоодон өткөрүү талапка ылайык деп ойлойм. Экинчиси, өзүңдүн колуңдан келбесе, жакшы жумушчу алып, ага жакшы маяна чыгарып берүү керек. Аюу деле велосипед тепкенди үйрөнүп жатпайбы? Бизнести, аны иштетип кетүүнү деле үйрөнсө болот экен. Бирок ошону менен бирге адам өйдө-төмөнгө даяр болуп, оорчулуктарга чыдашы абзел. Ошондой эле, жасаган нерселерди сата да билүү керек.