Караколдо эне-бала психологиялык борборун негиздеген Астра: “Телефондун кесепетинен аутист эмес, бирок анын симптомдору бар балдардын саны өсүүдө”


Булак: https://limon.kg/ky/news:80710

Дүйшеева Астра психолог - логопед. Ал Каракол шаарында “Smile” эне-бала өнүктүрүү, психологиялык борборун ачкан. Каарманыбыз сүйлөөсү начар  жаш балдар жана ар кандай психологиялык көйгөйлөр менен кайрылган аялдар менен иш алып барат. Бул кесиптин түйшүгү менен катар өзгөчөлүгү, эмне себептен жаш балдар арасында аутизм көп учурап жатканы жана жаш балдарды тарбиялоодо ата-эненин кетирип жаткан кемчиликтери тууралуу Астра Limon.kg медиасына маек курду.

L. Саламатсызбы, Астра! Өзүңүздү тааныштырсаңыз?

Мен 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы райнундагы Кош-Дөбө деген айылында төрөлгөнмүн. Айылымдагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепти бүтүрүп, ЖРТдан жакшы упай топтоп, филология факультетине тапшырганмын. Окууну бүтүп, турмушка чыгып, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашап калдым. Психология илимине балдарым үчүн кызыга баштагам. Бул тармак боюнча Түркиядагы “Билге” академиясында аралыктан окудум. Аны окуп бүтүрүп, дипломго ээ болгом. Балдар психологиясы жана логопедия боюнча билимимди украиналык устаттардын курстарынан алгам.

Каракол шаарына эне-бала өнүктүрүү психологиялык борборун ачып, аны иштетип жатканыма 3 жылдын жүзү болуп бара жатат. Мени менен чогуу кесиптештерим ава-терапевт, дефектолог болуп үчөөбүз иштейбиз.

L. Буга чейин кандай жумуштарда иштегенсиз жана эмне себептен психология багытына ыктап калдыңыз?

Университетти бүткөндөн кийин түрк лицейлеринде тарбиячы болуп иштеп жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин ишкерлик менен да алектенгем. Мен социалдык жоопкерчиликтүү жаран катары аялдар менен ар кандай иш-чараларды уюштуруп келгем. Анда JIA Бизнес Ассоциациясы Каракол шаарына жаңыдан гана уюшулуп жаткан. Анын директору менин активдүүлүгүмдү, элдер менен баарлашуудагы коммуникациямды байкап мени аялдар ишкерлигине колдоо көрсөтүү үчүн жергиликтүү уюмдун төрайымы кылып дайындаган. Ошентип, азыркы күнгө чейин ал уюмда төрайымдык кызматта да иштеп келе жатам. 57 ишкер айымдар менен долбоорлорду уюштуруп, бирге иштешип келебиз.

Ал эми балдарыма туура тарбия берүү боюнча изденип жүрүп, психология илимине кызыгып калгам. Бул тармакты изилдеп, билим алган соң, жогоруда айтылгандай, бир канча форумдарга, долбоорлорго катышып жүрүп, жеке психологиялык борбор негиздөө оюма келген.

Ошентип, 2022-жылы кабинет алып, борборду ачып  иштете баштаганмын. Бирок алгач иштеп баштаганымда көпчүлүк адамдар каршы болуп, “эч ким келбейт, элдер психологияны түшүнбөйт” дегендер болду. Бир гана жолдошум жакшы колдоо берди. Ал адамдар азыр түшүнбөсө, бара - бара колдоп кетишерин айтты. 

Башында киши келбей, имараттын ижарасын жаба албай кыйналган күндөрүм болду. Бирок мен ар тараптуу өсүп, көп окуп, көп издендим. Учурда да ар дайыма билимимди жаңылап келем.

Азыркы учурда психология Кыргызстанга жакшы жайылып, адамдар эми бул тармакты жакшы түшүнө башташты. Бизге кайрылгандар да жакшы жыйынтыктарды көрүүдө.

Психология бизге сырттан (Европадан) келип жатат да, ал эми биздин өзүбүздүн менталитет, каада салтыбыз бар. Сырттан келген дарылоо методдорун фильтрден өткөзүп, аларды изилдеп, элдин мүнөзүнө туура келген психологияны элге жеткирем. Өзгөчөлүгүм ушунда десем болот.

Азыркы учурда көп психологдор кайрылган адамдарга “өзүңдү сүй, кымбат кофе алып ич, кымбат сумка ал” дегендей кеңештерди беришет. Бирок ошону менен катар адамдын өзүн туура сүйүүсүнө кеңеш бере албай жатабыз. Анын натыйжасында ажырашуулар, уруштар көп болуп жатат. Сен жүз миң сомго сумка көтөргөнүң менен ички сезимиңде күрөш болуп жатса, бактылуу боло албайсың.

Мен жаш өспүрүмдөр менен да көп иштешем. Алар “ата-эненин мени урушууга же тарбиялоосуна эч кандай укугу жок турбайбы!” “менин денем - өзүм чечем”, “көрсө, мен өзүм билет турбаймынбы, баардык тандоону өзүм чечет экенмин”,- деп келишет. Ошондуктан, тилекке каршы, бизге келип жаткан психологияны фильтрлеп, анан гана аны туура жайылтуубуз керек. Учурда биз жаш өспүрүмдөр менен иштешүүдө - ата-эненин функциясы эмне? эмне үчүн алар бизге керек? - деген сыяктуу маселелерди туура жеткиргенге аракет кылып жатабыз.


L. Сиздерге кайрылгандар көппү?

Ооба. Жогоруда айтылгандай үч киши болуп иштейбиз, үчөөбүзгө тең кезекке киши турушат. Алдыда кабинеттерди көбөйтүү максаттарыбыз бар.

L. Бир айда болжолдуу канча адам кайрылууда?

Биз мисалы, логопедия боюнча иштөөгө бир баланы кабыл алсак, аны менен эң аз дегенде 3-4 ай иштешебиз. Ар бирибиз айына 6-7 бала менен иштейбиз, жалпысынан 20-21 бала бар.

Андан тышкары, психология боюнча кайрылган өспүрүм балдар бар, алар жумасына бир же эки жолу келишет. Аялдар менен да иштешебиз.

L. Кабыл алуу бааларыңыздар канчадан?

Бидин логопедиялык, дефектологиялык, аба-терапия кабыл алуу баабыз бир саатына 400 сом. Бир бала айына 12 жолу келсе 4800 сом төлөнөт. Ал эми психологдун кабыл алуусу 1000 сомдон башталат.

Мындан тышкары, Караколдогу “Сапат” лицейинде, “Зирек” жеке мектебинде психолог-логопед болуп иштейм. Мектептерде кекечтенген, тамгаларды жакшы айта албаган балдар менен иштешем. Буюрса, 25 бала менен көйгөйлөрдү жеңдик, азыраак бала калды. Мектептер психологиялык кызматымды да колдонушат.

L. Эмне үчүн учурда аутист балдар көбөйүүдө?

Аутизм медициналык физиологиялык нерсе. Ал жылдан-жылга көбөйүүдө. Аутизмдин себептери изилденип бүтө элек, анын түпкү себептерин табыла элек. Бул көйгөй менен дүйнө жүзү күрөшөт. Буга биздин тамак-ашыбыз жана ден-соолугубузга маани бербей жаткан көптөгөн башка факторлор таасир тийгизип жатат.

Психолог катары айтсам, бара-бара аутизм эмес, бирок аутизимдин синдрому бар балдар көбөйүүдө. Телефондун, интернеттин зыяндуулугунан улам ушундай балдардын саны өсүүдө. Аутизимдин айрым синдромун айтсам, алар башка адамдын көзүнө тигилип карабайт, коммуникациясы начар, дүйнө таанымы аз болот.  Бала физиологиялык жактан өсүшү керек.

L. Жаш балдардын тили так чыкпашынын кандай себептери бар?

Логопедиялык бузулуулардын бир канча себептери бар: дизартрия, диспраксия, ал эми балдарда эң көп  дислалия учурайт. Мындай балдар үч тыбыштан ашык создөрдү айта алышпайт. Буга бала төрөлүп жатканда баш мээсинин кысылып калышы да себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, бала төрөлгөндөн кийин ой жүгүртүүсүнүн өспөй жатканына телефондун да зыяны бар. Анткени 3 жашка чейин бала дүйнөнү өз алдынча таанышы керек. А бизде ата-энелер өзүбуз күнөөлүбүз, кичинеккей балдарга телефон карматып коебуз. Бала эмоцияны экран аркылуу таанып жатат. Бала өзү ойноп, бир нерсени кармап көрүүсү керек. Бул анын майда моторикасынын өрчүүсү үчүн маанилүү. Ал эми чоң моторика бала секирип, ойногондо өнүксө, майда моторикасын колу менен буюмдарды кармап өрчүтө алат.

5 жашка чейин балдарга академиялык билим берилбеши керек. Бала ойношу керек. Азыр балдар дүйнөнү беш жашка чейин эле таанып калып жатышат. Бизге беш жаштагы балдарды курстарга алып келгендер бар. Бала ойноп, оюнга тоюшу керек, балалыгын татыш керек.  Беш жаштан кийин баланын мээси да билим алууга даяр болот. Үч жашка чейин баланын тилинде рецепторлор бар. Кайсы тамакты берсең, ошол рецептору ойгоно берет. Азыркы күндө көп балдардын тилинде рецепторлору ойгонгон эмес, анткени тамактын бир же бир нече гана түрүн жешет. Бул дагы аутизмдин бир синдрому. Азыркы ата-энелер балдарга телевизор коюп берип коюп, тамак жедиришет. мындай учурда бала эмне жегенин баамдабайт. Анан дүйнө тааныбаса, бала кайдан сүйлөй албайт.


L. Учурда жаштардын арасында да депрессия жайылып жатканын көп угабыз. Буга эмне таасир берип жатат деп ойлойсуз?

Биринчиден, биз “депрессия” деген сөздү лозунг кылып алганыбыз. Негизи, депрессия катастрофа эмес. Депрессия - бул сасык тумоо болуп ооруп калгандай. Ооба, жашоодо адам стресске кабылат. Бул нормалдуу нерсе. Анкени ар дайым эле жакшы күндөр өтө бербейт, ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошол кыйынчылыктар коштолгон окуяларга адам каршы реакция көрсөтөт. Психологдор ошол реакцияга туура туруштук берүүнү, стрессти жеңгенди, аны туура кабыл алганды үйрөтөт.

Азыр биз цвилизациялык доордо жашап жатабыз. Жөнөкөй мисал, айфон телефонун колдонгонду билбесең, башкалардан артта калуу сезими пайда болот. Ал эми социалдык баракчаларга бардык эле адамдар өздөрүнүн жакшы гана жактарын киргизишет. Соцтармактарда баары эле бактылуу, аны көрүп “эмнеге башкаларда мунусу, тигиниси бар, андай нерселер менде жок” деп депрессияга кабыл болушууда. 

Адам өнүгүп, өсүшү керек деген нерсе адамдын табигатында бар. Ал эми азыркы доордо кубалап жетүү кыйын болуп жатат.

Кыйынчылыкты көтөрө албаган адам стресс болот. Стресс болгон адам депрессияга кабылат. Депрессиядан чыгуунун жолун билбесе,

ал адамды суицидке чейин алып барат.

Суицидге барган адамды “жакшынакай эле жүргөн” деп айтуу туура эмес. Анткени адам бул кадамды жасаардан мурун депрессиянын бир канча этаптарынан өтөт. Аны жеңе албай жүрө берип, депрессия оорлошуп, акыры адам өз жанын кыюууга барган болот. Суициддин эки этабы бар. Биринчи этабында адам аны ишке ашыруунун жолун издейт. Мунун баары ар бир адамда индивиалдуу нерселер. Бири акча үчүн, бири башка көйгөйлөр үчүн өзүнө кол салууга барат.

L. Бала тарбиялоодо ата-энелер кандай кемчиликтерди кетирип жатат?

Ата-эне балдардын убактысын толтура албай, аларды сооротуу үчүн телефон карматып коюп жатышат. Өздөрү да балага көңүл бурбай, телефондо кызыгып отура беришет. Азыркы күндө өспүрүмдөр менен ата-эне абдан аз сүйлөшөт. Ата-эне эртеден кечке иштейт. Үйгө барып, үй оокатын кылат. Чарчайт, анан балдарына көңүл бурбай калышат.  Ал эми баланын табиятында ата - эне менен сүйлөшүү өтө маанилүү болуп саналат. Биз балдардын колунан телефонду жулуп кое албайбыз, тескерисинче, аларга аны кантип туура колдонууну үйрөтүшүбүз керек. Медиа сабаттуу болууну үйрөтүүбүз зарыл. Алар менен чогуу китеп окуп, сейилдеп, балдардын убактысын толтуруу керек.

L. Бул жаатта кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

Мен 33 жашымдан кесип алмаштырдым. Адамдын каалоосу болсо, канча жашта болбосун, өзүнүн тандоосун өзгөртсө болорун түшүндүм. Адам эч убакта өзүнө кеч дебеши керек. Канча жашта болсоң да, өз жолуңду таап, ал жолдо өзүңдү өстүрүп кетүү туура болот экен. Учурда мен өзүмдүн багытымды таптым деп эсептейм. Мага бул иш абдан жагат. Берилүү менен бул тармакта изилденем, чарчабайм, бул тармак мага кызыктуу.

Экинчиден, мага келген балдар сүйлөп кетишип, көздөрү жайнап, “эжеке, мен “Р” ны айтып калдым” деп кубанышканда, өзүмдү батылуу сезем. 16-17 жашында келген балдар да тыбыштарды туура айтып кеткендер болот.

Андай балдар “мен сүйлөп калдым, менде өзүмө ишеним пайда болду”,- деп ыйлап, мени кучактагандары мага дагы да бул чөйрөдө өнүгүүмө түрткү берет. Ошол күндөрүм, балдардын сүйүнүчү - мен үчүн ийгилик болуп эсептелинет. Кекечтенүүнү да жеңген абдан татаал. Көп убакыт сарптасак да, аны да жеңип жатабыз.

JIA уюумуна киргениме абдан сүйүнөм. Бул уюмда Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) бар, мен ошол жакка проект жазып, алгачкы иш баштоо үчүн ноутбук жана проектор утуп алгам. Алар мени абдан жакшы колдошту, туура иш жүргүзүүнү көп окутушат.

Менин башка психологдордон өзгөчөлүгүм - мен адамдарга үмүт гана берем деп айтам. Адамда үмүт алганда, ошол нерсеге ишеним пайда болот. Аутист балдардын апалары келет. Аларды башка дарыгерлер “балаң айыкпайт”, - деп үмүтүн үзүп коюшат. Мен аларга баланын айыгып кетүүсүнө эненин ишеними болсо, прогресс болорун айтам. Ал эми баласынын айыгышына ишеним артпаган ата-энелерде прогресс жай болот.