Эксперттик макаланын автору - Бактыбек Рысалиев, Талас ИКБнын финансы-консультанты.
Электрондук салык кабинетин колдонуу боюнча практикалык окуутуу үчүн, ишкерлер төмөнкү кадамдарды аткара алышат:
1. Катталуу жана кирүү
- Катталуу: Cabinet.salyk.kg сайтында катталып, жеке же юридикалык жак катары идентификациядан өтүү керек.
- Кирүү: Логин жана пароль, же электрондук кол тамга (ЭЦП) аркылуу кабинетке кирүү мүмкүн.
2. Салык отчетторун тапшыруу
- Бирдиктүү салык отчеттору: Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Е-отчеттор" бөлүмүндө отчетту автоматтык түрдө түзүү мүмкүн.
- Отчетту текшерүү жана жөнөтүү: Ишкер даяр отчетту текшерип, салык органына жөнөтө алат. Ошондой эле, туура эмес маалыматтар табылганда өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн.
3. Кошумча функциялар
- Салыктык каттоо: Онлайн режимде катталуу жана салык төлөөчүнүн статусун алуу мүмкүн.
- Справкалар алуу: Салыктык карыздар боюнча маалымат алуу жана тиешелүү документтерди жүктөө мүмкүн.
- Мүлк боюнча маалымат: Кабинет аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк боюнча маалымат алуу мүмкүн.
Негизи, азыркы учурда салык отчетторду тапшыруу онлайн түрүндө болгондуктан, убактыңызды абдан үнөмдөйт. Болгону бир жакшылап көрүп, үйрөнүп алуу керек. Отчетторду тапшыруу боюнча салык кызматынын сайтында толук маалымат жайгашкан.
Эгерде сиз жеке ишкер же юридикалык ишкана болуп, убактыңыз чектелип жана кимге кайрылаарың билбесеңиз, анда салык отчетторун тапшыруу жана электрондук кабинетин колдонуу боюнча практикалык окуутуу өзүңүзгө же эсепчиңизге үйрөтүп беребиз. Салык отчетторун тапшыруу мөөнөттөрү жана талаптары тууралуу Ишкердик колдоо борборунун жергиликтүү финансы-консультанттарына кайрылсаңыз болот.