7 дубанда өткөрүлгөн Бизнести агартуу кербени Кыргызстандын орто жана кичи бизнес өкүлдөрү үчүн эң маанилүү жана пайдалуу иш-чаралардын бири болду. Кербен экономиканын бардык тармактарындагы ишкерлерге, ошондой эле компаниялардын жетекчилерине жана алардын бухгалтерлерине багытталып, салык мыйзамдары, бизнести автоматташтыруу жана ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий боюнча маалыматты жогорулатуу максатында өткөрүлдү.


Иш-чара Ишкердикти Колдоо Борборлорунун (ИКБ) консультанттарынын катышуусунда JIA Бизнес Ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан биргелешип Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол жана Бишкек шаарларында уюштурулду жана ага 1500дөн ашуун ишкерлер катышты.


 Бизнести агартуу кербени негизги 3 тема боюнча:  

  • Салык реформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары
  • Ишкерлерди текшерүүгө мароторий жана прокуратура органдарынын ролу, 
  • жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү)  панелдик сессия жана суроо-жооп форматында өттү.


Кербенде ишкерлерге салык боюнча төмөнкү актуалдуу маселелер тууралуу кыскача маалыматтар берилди:

  1. Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолор;
  2. Чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери;
  3. Контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) мааниси жана аны колдонуу эрежелери;
  4. Электрондук товардык транспорттук баракча (ЭТТН) эмне жана аны   колдонуу эрежелери;
  5. Электрондук эсеп фактура (ЭСФ) деген эмне жана аны берүү тартиби;
  6. Салыктар жана социалдык камсыздандыруу отчетторун электрондук түрдө өз алдынча тапшыруу.


Ошондой эле, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган 2024-жылкы мораторий тууралуу маалыматтар айтылды. Мында башка жылдардан айырмаланып бул жылкы мораторий ЖКнын токтому менен бекитилген ишкерлерди текшерүүчү органдардан сырткары укук коргоо жана фискалдык органдарга да жайылтыла тургандыгы белгиленди. Ал эми ар бир текшерүүгө тийиштүүлүгүнө жараша Прокуратура жана Экономика министрлигинин жергиликтүү органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүлөөрү баса белгиленди. Ошондой эле, жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жол жоболору тууралуу да маалыматтар айтылды. 


Кербендин жыйынтыгында ишкерлерге тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишкерлерге ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунган уюмдардан банктардын жана фонддордун өкүлдөрү жана ошондой эле региондордогу Ишкердикти Колдоо Борборлорунун (ИКБ) финансы, юрист жана бизнес консультанттары тарабынан керектүү кеңештерди жана маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.


Жазган: Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) юрист-консультанты Абдибакыт Курбанов.