Кызматкерлерди жумушка алуу жана бошотуу ар бир уюмдун/ишкердин персоналды башкаруудагы маанилүү этаптарынын бири болуп саналат. Бул процесстерди белгилүү эрежелерди сактоо менен жүргүзүү адилеттүүлүктү, укуктук коопсуздукту жана кесиптик этиканы камсыз кылууга жардам берет.

Кызматкерди жумушка алууда:

Экономикалык ишкердик менен алектенген уюмдун же жеке ишкердин жумуш көлөмүнө жараша анда штаттык ырааттаманын түзүлүүсү зарыл. Мына ошол штаттык ырааттамага ылайык уюмга\ишкерге кызматкер алынууга тийиш. Ошондой эле штаттык ырааттамага ылайык ар бир кызмат ордуна кызматтык нускамалардын иштелип чыгылуусу өтө маанилүү. Анткени мына ошол кызматтык нускамаларга ылайык кызматкерди тандоо процесси уюштурулат. Тактап айтканда бош орунга жарыя болгондо кызматтык нускамада белгиленген кызматкерге болгон талаптар көрсөтүлөт жана ошондой эле талапкерлердин резюмелерин, жөндөмдөрүн  карап чыгууда жана алар менен маектешүүдө аталган документ сизге жол көрсөтүп берет. Ал эми кызматкерди тандоо процессинин так, ачык жана ийгиликтүү болуусу үчүн уюмда кызматкерлерди тандап алуу жобосунун да болушу артыкчылык кылбайт. 

Кызматкерди эмгек келишими менен жумушка кабыл ала турган болсоңуз, анда аны жол жоболоштуруу үчүн керек болгон расмий документтерди, анын ичинде эмгек келишимин, жумушка орношуу үчүн арыз, буйрук сыяктуу документтерди сөзсүз даярдаңыз. Бул документтер уюмда\ишкерде 75 жылга чейин сакталуучу документтердин тизмегинде экенин да унутпаңыз. Эгер уюм же жеке ишкердик жоюла турган болсо анда архив жөнүндө мыйзамдарга ылайык документтер мамлекеттик архив органына тапшырылууга тийиш болот. 

Кызматкерге мындан сырткары эмгек китепчеси жүргүзүлүп, өздүк дело ачылат. Мында кызматкердин диплому же тийиштүү сертификаттары, резюмеси, паспорт көчүрмөлөрү, керектүү учурларда сүрөтү жана ошондой эле кызматтык оруну боюнча милдеттүү болгон башка документтер сакталат.

Ал эми кызматкер менен жарандык келишим түзүлө турган болсо, кызматкер менен жарандык укуктук келишим түзүлүп, ага аталган келишимди түзүүгө укук берген кандайдыр бир документи (патент, ИП күбөлүк) тиркелүүгө тийиш. 

Жаңы кызматкерге уюмдун\жеке ишкердин иши, анын ички саясаттары жана ар кандай эрежелер жөнүндө инструкциялык тренинг же маалымат берүү уюштурулуусу аябай маанилүү. Ал үчүн уюмда\жеке ишкерде ички тартип эреже, жүргүзүлгөн ишкердиктин өзгөчөлүгүнө ылайык, санитардык, өрт коопсуздук, техникалык коопсуздук жана башка эреже, инструкциялар бар болуусу (иштелип чыгылуусу), ошондой эле жана башка документтер да даярдалуусу шарт болуусу мүмкүн.

Кызматкерди иштен бошотууда:

Кызматкер сизге өз каалоосу менен жумушту токтотуу боюнча  жазуу жүзүндөгү билдирүү (арыз) берүү менен жумушун токтотуу жөнүндө чечимин билдириши мүмкүн. Мында сиз мыйзам боюнча 14 календардык күндүн ичинде аны жумуштан бошотуу жөнүндө чечим (буйрук) кабыл алып, бардык каржылык, анын ичинде эмгек акы төлөө жана пайдаланылбаган эс алуу үчүн компенсация берүү жана ошондой эле эмгек китепчесин толтуруп берүүгө милдеттүү болосуз.

Урматтуу ишкер, жогоруда белгиленген талаптарды колдон келишинче аткарууга аракет кылыңыз. Канчалык деңгээлде аткара алсаңыз ошончолук эмгек мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо боюнча административдик, же болбосо айрым учурларда кылмыш жоопкерчиликтеринен алыс болосуз.  Ошону менен бирге иш жериңизде персоналдарды башкаруудагы ишиңиз да жеңилдемекчи. Ал эми ишиңиздеги ийгилик сиз башкарган персоналдарда экендигин эстен чыгарбаңыз!


Абдибакыт Курбанов, 

Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) Оштогу ага юрист-консультанты.