📌13-14-ноябрь күндөрү Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) консультанттары үчүн 2024-жылга карата II ретрит уюштурулду.

Ретрит консультанттардын квалификациясын жогорулатууга, ИКБнын туруктуулугуна багытталган эки күндүк окутуусу, 2024-жылдын жыйынтыгы жана стратегиялык пландар менен коштолду.

Ретритте консалтингдик кызматтар рыногунун тенденциялары. ISO 20700 боюнча консалтингдик кызматтардын сапат стандарттары. Консультанттардын этикасы.
Стратегиялык анализ ыкмалары:
• PESTLE
• Бизнес-моделдөө
• Максат коюу жана аларды ишке ашыруу
• Уюмдун диагностика куралы
• Диагностика отчетун түзүү боюнча окутуу уюштурулду.

Ошондой эле уюмду Маркетингдик план: Позициялоо, дифференциация, брендинг боюнча маалыматтар айтылды.

Тренер: Бизнес-насаатчы, СМС-сертификациялуу бизнес-консультант @azamat_attokurov.

———————————

📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!