«Мерим Имомкулова: Турмуштук кыйынчылыктардан ишкердикке жеткен айым»

Имомкулова Мерим - жогорку билимдүү мугалим жана беш баланын энеси. Кесиби боюнча 1,5 жыл иштеген соң турмуш шартынан улам ишкердик менен алектенип баштаган. Учурда балдарынын жанында ишкердигин жүргүзүп  келет. 

Ишкердик кылуума жетишсиз турмуш түрткү болду. Жолдошум чоң суммага карыз болуп, шаарда иштейт. Мен болсо беш баламды бага албай, оор күндөрдү баштан өткөрдүм. Мындай кырдаалда Меримге ЕККУнун «Айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кенейтуу» программасы сунушталган. Мерим грант боюнча Ишкердикти Колдоо Борбооруна кайрылып, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок.

Меримдин айтымында, программанын алкагында абдан керектүү окутуулар өткөрүлгөн. “Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү жомокко түшкөндөй сездим. Лидерлик, бизнес, жана ийгиликке жетуу тууралуу кеңири маалымат алып, ишкердикке кадам таштадым.”
 Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары Меримге ишкердигин каттоодо жана рынокту туура тандоодо жардам беришкен.

Ал программанын алкагында тигүүчү жабдууларды сатып алууга грантка ээ болгон. Азыркы учурда Меримдин 1 пятинитка, 5 түз тигүү машинасы болуп, жалпы 9 жабдуусу бар. Ал сегиз жумуш орунун түзүп, кыз-келиндерди иш менен камсыздап, жаш балдардын кийимдерин тигип, жергиликтүү базарга сатат. «Эл арасында жеке ишкер катары ордумду таптым. Чоң кирешелерге жетише баштадым», – деп кубануу менен бөлүшөт.

Мерим айымдарга төмөнкү кеңешин берет: «Ийгиликке жетүү үчүн өзүңдү-өзүң камчыла. Мүмкүнчүлүктөр көп, аларды изденүү жана аракет аркылуу гана көрүүгө болот. Башкалар үчүн иштеп бербей, өзүң үчүн иштегенде гана ийгилик жаралат. Мисалы мен бирөөгө крой тиккенде кызматым арзан бааланып калат экен.Ошондуктан аз болсо да өзүм рынокко чыгарып  баштадым.