Кыялдарын ишке ашыруу үчүн Бишкектен Караколго көчүп барып, жеке бизнес мектебин негиздеген Айзада


Булак: https://limon.kg/ky/news:81339 

“Билимдүүгө дүйнө жарык” демекчи билимдүү коом күчтүү мамлекеттин пайдубалы. Биздин кезектеги каарманыбыз Айзада билим алып эле эмес, билимин башкаларга үйрөтүп, коомго пайда алып келсем деген бийик максатта Каракол шаарына SBS бизнес мектебин ачкан. Бул өзүнүн сүйүктүү жумушун аркалап, кыялдарын ишке ашыруу үчүн борбор шаарыбыз Бишкектен үй-бүлөсү менен Караколго көчүп кеткен. Каарманыбыздын мындай олуттуу кадамдарын кайын журту, жолдошу дайыма колдоп келет.

Кайсы тармак болбосун адам дайыма изденип, билим алып туруусу керек, билими жок алыска бара албайсың деген Айзада өзүнүн бизнес мектеби, андагы окуу курстары, алдыдагы максаттары, ишкердикти баштай албай жаткандарга кеңештери менен бөлүштү.

L. Саламатсызбы? Окурмандарга өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

Менин аты-жөнүм Айзада Тыныбекова, 1985-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында туулгам. 3 баланын энесимин, жолдошумдун сүйүктүү жары, кайын журттун кадырлуу келинимин. Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы лицейин бүтүргөм. Окууну аяктагандан кийин борбор калаабыздагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып, түркология факультетин аяктадым.

Окууну аяктагандан кийин 3 баланын энеси болуп, узак убакыт декреттик өргүүдө үйдө отуруп калдым. Мен тааныштарыма тамашага салып, декреттик өргүүдө отурган айымдар декреттен жөн чыкпайт, сөзсүз бир идея менен, жаңылык менен чыгат деп калам. Мен да ушундай болгом. “Ойнобук” деген аталыштагы кийизден жасалган китеп ойлоп таап, ар кандай конкурстарга катышып, грант утуп жүрүп, кийин Караколдон билим берүү борборун ачып, улантып кеттик. Өзүм билим берүү багытына аябай кызыгам, улууну да кичүүнү да окутам, “Longlife learning” (өмүр бою билим алышыбыз керек, башкалар менен бөлүшүшүбүз керек)  деген принципти карманам.

айзада12

L. Кийиз китепти качан, кантип ойлоп таптыңыз?

Мунун тарыхы абдан терең. Негизи балдарды тарбиялоодо кыргыздардын улуттук баалуулуктарын үйрөтүүгө ылайык чакан китептерди табуу кыйын, алар жокко эсе. Ушуга байланыштуу 2015-жылы менде идея жаралган. 4 жылдан кийин 2019-жылы гана ишке ашты. 2019-жылы ар кандай конкурстарга катышуунун натыйжасында, проекттердин, гарнттардын аркасында Казакстанда, Өзбекстанда, Англияда окуп, жолдошум экөөбүз 4000 доллар грант утуп, китептерди чыгарып баштаганбыз. Азыркыга чейин сатылып жатат. Көбүнчө чет өлкөдө жашаган кыргыздар, өздөрүнүн балдарына кыргыздардын улуттук баалуулуктарын үйрөтүп, базалык түшүнүк берүү үчүн алышат.

айзада13

L. Китеп тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз?

Китепте бир катар тематика камтылган. Мисалы, бир бетинде боз үйлөр бар. Алардын эшиктери ар кандай геометриялык фигуралар үч бурчтук, төрт бурчтук болуп, ар кандай түстөрдө жасалган. Бул аркылуу бала өн-түстөрдү жана геометриялык фигураларды таануу менен бирге боз үй, жайлоо деген түшүнүктү алат. Китепте эч кандай сөз жазылган эмес. Бул деталдарды балдар жабышкак нерсенин бетине чаптайт же илгичтерге илип ойнойт. Бул китеп тамга тааный элек бөбөктөрдүн таанып-билүүсүн өрчүтүүгө чоң жардам берет.



L. Ишкердик жолуңузда кандай окууларга, долбоорлорго катыштыңыз, гранттарды утканга мүмкүнчүлүктөр болдубу?

Ал учурда “Креатив Спарк” аттуу Британия консулдугунун 7 өлкөдө конкурсу өткөн. Ошол конкурска катышып, утуп калдым. Алар окутууларды уюштурду. Кийин Караколдогу SBS бизнес мектебин жетектөө сунушуна макул болуп Каракол шаарына келгенден кийин USAID долбооруна катышып жүрдүм. JIA уюмунун астында Ишкердикти Колдоо Борбору бар (ИКБ) ошол жактан консультация алып турам. Ошондой эле JIAга мүчө болуп калып, анын аркасынан дайыма түрдүү окууларды биздин атайын группага жөнөтүп турат. Ушул убакка чейин 3-4 акселерациялык программадан өтүп, ошол жактагы эксперттер мага көп жардамдарды көрсөттү. Мындан сырткары Шпаркасс немис уюму бар болчу. Ал былтыр жоюлуп кетти. Бирок ага чейин бул фонд бир жыл бою бизнес тренер катары окутуп үйрөттү.

Өзүм изденчээкмин, курстарды таап, интернет аркылуу онлайн курстарды сатып алып окумайынча тура албайм. Билимим эскирип бара жатат, артта калдым деген ойлор келе берет. Мисалы, Асель Сыдыковадан окуйм, оратордук искусство, бизнес тренингдерди калтырбай катышам, билим алуума инвестиция кылганга атайын акча бөлүп коём.


L. Бизнес мектебин качан жетектеп калдыңыз, бул сунуш кантип түштү, кантип макул болдуңуз?

Негизи айымдар өзүнүн максаттарын, кыялдарын ачык айта жүргөнү жакшы. Аны жолдошуна, кайын журтуна түшүндүрүш керек. Биз кичүү уул, кичүү келинбиз, чоң үй, чоң ашты кармай турган үй-бүлө болчубуз, кайненем менен бирге турчубуз. Мен жолдошума, кайненеме билим жөнүндө абдан көп айтчумун. Алар менин изденип, окуп турмайынча тура албайт экенимди жакшы түшүнүшчү. Борбордогу чөйрөм да мени билим багытындагы адам катары таанып калгандыктан, мага караколдогу бизнес мектепти жетектөөнү сунушташты. Мен бул сунушка кайненем менен жолдошум каршы болот деп ойлодум. Үй-жайыбыз, жумушубуз Бишкекте турса, каяктагы Каракол деп айтат го дедим. Ошентип сунуш кылган балдарга үй-бүлөм менен кеңешип, анан жообун берээримди айттым. Эртең мененки тамактанууга отурганда бул сунуш тууралуу айтсам, кайненем дароо жакшы пикирин билдирди. Бул абдан сонун сунуш, бул сенин кыялың эмес беле, барып көрөлү деди. Жолдошум дагы көрөлү деп калды. Биз ал жакка көчүп кетишибиз керек болот дедим. Көрөлү да, балким жакшы болуп кетет деп экөө тен макулдугун билдиришти. Ошентип баарын жыйыштырып, Караколго көчүп келдик, азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы.

Мен өзүм караколдук болгондуктан жыл сайын ата-энемдикине эс алганы келип, биз да бул жакта жашасак деп айта берчүмүн. Ошентип кыялдар ишке ашып келип калдык. Алгач биз бизнести сатып алган жокпуз, жөн гана ижара менен иштетип көрүүнү чечтик. Эгер жакшы болуп кетсе акырындан төлөп, бизнести толугу менен сатып алабыз дедик. Сунуш кылгандар макул болушту, ошентип иштетип баштап, азыр баш отубуз менен кирип, көнүп калдык. Бишкекке байма-бай каттап турабыз, акырындан үй-жайлуу болуп, отурукташа баштадык.

Башында кыйынчылыктар болду, батирлеп жашадык, биринчи жолу бизнес башкарып жаткандыктан команда менен иштөө кыйын болду. Бирок бул кыйынчылыктардан жеңил чыгууга ар кандай курстар, ментордук программалар, эксперттердин колдоосу, ассосация JIA колдоо көрсөткөндүктөн батыраак бутка туруп кеттим деп ойлойм. Балким менде мындай чөйрө жок болсо мен дагы көбүрөөк изденип, кечирээк ийгиликке жетмекмин.

айзада27

L. Бизнес мектеп тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз?

Биздин мектеп жеке менчик болгондуктан мамлекеттик стандартка ылайык программа менен окутпайбыз. Өзүбүз иштеп чыккан автордук программа менен окутулат, башка өнөктөштөр менен биргеликте иштелип чыккан программалар да бар. Окутуу мөөнөтү ар кандай, чоңдор үчүн бизнести кантип баштоо керек деген 3 күндүк семинарлар бар, 2 күн теория, 1 күн практика болот. Мындан сырткары англис, кытай, түрк тилдери курстары, математикалык курстар, мектепке чейинки даярдоо курстары бар. Көбүнчө биз өзүбүздү рынокто бизнес мектеп жана комплекстүү мамиле деп жарыялайбыз. Биз балдарга “Кыргызстандын келечектеги лидерлери”, “Жаш лидерлер”, “Активатор личности” деген курстарды ойлоп таап, ичинде 3-4 багытты бир берип окутабыз. Мисалы, англис тили, ылдам окуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча тренингдерди кошуп окутабыз. Бул баланы ар тараптуу тез өнүктүрүү үчүн ылайыктуу. Ата-энеге да ыңгайлуу, балага бир эле жерден бир нече багытта билим берүүгө шарт түзө алат, нары-бери ташыбайт. Бизге 5 жаштан баштап улууларга чейин келип ар түрдүү программалар боюнча окушат. Ар бир программанын сезону болот. Мисалы, учурда мектепке даярдоонун,  жайкы лагердин сезону. Ар жылы чейрек бүткөн сайын каникулдарда Hello summer, Hello autumn, Hello winter, Hello spring деп лагерлерди уюштурабыз. Бул лагерлер балдардын каникул убагында жөн отурбай, эс алыш менен билим алууну айкалыштырууга шарт түзөт.

айзада16

L. Жайкы лагерь тууралуу айтып берсеңиз?

Азыркы учурда жайкы лагер болуп жатат, балдар күнүгө 2 саатка келишет. Айына 3500 сом төлөйт. 4 предмет боюнча окушат, англис тили, кол өнөрчүлүк, оратордук искусство боюнча жана тренингдер менен ылдам окуу. Бизде орус тайпалар көп, кыргыз тайпалар аз, себеби кардарлардын талабы ошондой. Анткени Караколдо 10 мамлекеттик, 6 жеке мектеп болсо алардын көбү орус тилдүү мектептер.

Чоңдор үчүн бизнес лагерь өткөрүп жатабыз, буйруса азыр жыйыныктайбыз. Бул жерде өзүнүн бизнеси бар же жаңы бизнес баштайм дегендер келип окуп жатышат. Алар бизнестин модели, финансылык сабаттуулук, негизги финансылык отчеттор, менеджмен боюнча билим алышат, эсеп-кысапты туура жүргүзүү, алдын ала пландоо боюнча окушат. Кайдзен философиясын сөзсүз беребиз, бул бизнеске да, жашоого да абдан керек жапон философиясы. Муну кичинесинен чоңуна чейин окутабыз. Мындай бизнес сабаттуулук боюнча курстарга 8 жаштан жогору алабыз. Азыркы балдар кичинесинен кадимкидей бизнес тууралуу түшүнүгү бар, алардын көпчүлүгү бизнесмен болгусу келет. Алгач курска келгенде акча менен баары чечилет деген ойдо келишет. Окугандан кийин аң-сезимдүү түрдө дагы билим алуу керек экенин, алдын ала пландоо керектигин, элдер менен тил табыша билүү, мыкты оратордук речь керек экенин түшүнөт. Софт скилз (жумшак жөндөмдөрдү) өнүктүрүшүм керек экен деп башкача ой жүгүртүп, кийинки башка курстарга, мисалы англис тилине келсе аны сапаттуураак окуйт. Жөн эле ата-энем кыйнап койду, мектепте талап кылып жатат эмес, мен өзүм каалайм деп келип окуп башташат.

айзада23

L. Курстардын төлөм акысы кандай?

Курстардын акысы мөөнөтүнө, окуу программасына жараша ар кандай болот. Эң арзаны 1800 сом, эң кымбаты 8000 сом.

L. Бизнес мектепке кайсы аймактардан келип окушат?

Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп  райондорунун жакынкы айылдарынан жана Каракол шаар ичинен каалоочулар келип окушат. Келгендердин көбү бири-биринен угуп келишет. Мындан тышкары инстаграмдан жарнама аркылуу билип, көп келишет.


L. Бизнес мектептин жабдылышы тууралуу айтып берсеңиз?

Учурда биздин жеке мекемебиз жок, ижарага алып иштейбиз. Окуу борбордо 5 чоң кабинет бар. Бардык шарттар түзүлгөн. Мен бул бизнести башкалардан сатып алдым, ал киши болсо грант утуп алган 1 млн сом, ал грантты акчалай албастан ушул мектептин жабдууларын алып берген.

Компьютерлер менен жабдылган, 3D принтерлер бар, робототехника боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Окуу эмеректеринин бардыгы жаңы, заманбап.

айзада21

L. Учурда канча кызматкер бар, мугалимдерди кандай талаптарга жооп берсе кызматка аласыз?

Учурда коллективде стабилдүү 10 киши иштейбиз. Башында келгенде 7-8 киши иштечү. Мугалимдерге жакшы шарттарды түзүп бергенбиз, кадимки мектептерден караганда айлык маянасы да бир кыйла жогору. Менде иштеген мугалимдерди да ар дайым такшалмадан өткөрүп, өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн окутуп турам. Ошондуктан ар бир мугалим өзүм сыяктуу мектеп үчүн чындап күйөт, өзүмдүн ишим бүттү башкасы эмне болсо ошо болсун дебейт.

Мен мугалимдерди кызматка алганда эң биринчи анын жөнөкөй болонун талап кылам. Ишин абдан жакшы билген, жылдын мыкты мугалими болгондор деле келишкен, бирок аларды жумушка алган эмесмин. Анткени бир аз текебер, мен башкалардан өйдө турам, мен көбүрөөк билем деп башкаларга бийиктен карашат. Биздин мектепте балдарга башкача мамиле кылабыз, биз аларды үйрөтүп жатып, алардан өзүбүз да үйрөнүп жатабыз деп мамиле кылабыз. Баланын деңгээлине түшө албаган мугалимдерди албайм, адамкерчилиги абдан манилүү.

Жаш курагына маани бербейм, болгону ийкемдүү болсо, ал бат бир нерсени үйрөнүп кетет. Албетте өзүнүн кесибин жакшы билиши керек, англис тили мугалими болсо англисчени жогорку деңгээлде билиши зарыл. 

айзада2

L. Курсту окуп бүткөндөн кийин кандай документ алышат?

Бизде Билим берүү министрлигинен лицензиябыз бар, ошонун негизинде сертификаттарды беребиз.

L. Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Бизде мектептерде балдарга бүгүнкү күндүн талабына ылайык билим берилбейт. Балдар азыр алып жаткан билим да жакшы, бул тартип, ой жүгүртүүгө, анализ кылууга жардам берет, бирок кошумча жумшак көндүмдөр, финансылык сабаттуулук берилиши керек. Мисалы, Россияда балдар финансылык сабаттуулук боюнча олимпиадага катышат. Бизде мындай жок. Ошондуктан балага мектеп курагынан финансылык сабаттуулук, келечегине керек болгон сапаттар жөнөкөйлүк, коммуникация, максатты туура коюу, жашоосун пландоо, чөйрө менен гармонияда жашоо сыяктуу софт скилз жөндөмдөрдү да окуткан маанилүү. Азыр көпчүлүк окуучулар билимге умтулбайт, же келечектеги билимин туура эмес тандашат, андан көрө батыраак акча табуунун жолун издешет. Биз мындай темп менен кете берсек, Бангладештен деле айырмабыз жок болуп калат. Баары эле тикмечи, чач тарач, официант, сатуучу болуп, акчанын артынан түшкөн коом - арзан жумушчу коому пайда болот. Бизде жогорку билим алыныш керек, ошондо билим бааланып, жаңы идеялар чыгат, өнүгүү болот. Жаш өспүрүмдөрдү ушундай билим алууга түртүү үчүн биз мектептердин ичине кошумча программаларды киргизип, ар бир мектептин ичинде болгонубузду пландап жатабыз. Ошону менен катар өзүбүздүн мектебибиз, коворкинг аянтчабыз, социалдык китепканабыз, ашканабыз, конок үйүбүз баардыгы бир комплексте болушун каалап жатабыз. Бизден окуган бала ошол эле жерден тажрыйбасын жогорулатсын, ашканада иштесин, мейманканада чет элдик коноктор менен сүйлөшсүн, акча тапканды үйрөнсүн деген максатта ушундай план түзүп жатабыз.

айзада14

L. Айым ишкер болуунун артыкчылыгы жана түйшүгү канчалык?

Айым ишкерлерге жеңилдиктер абдан көп. Айым ишкер болсоң акцелерациялык программаларга катышканга, грант алганга шарттар бар. Атайын айым ишкерлер үчүн көптөгөн программалар, акысыз окуулар уюштурулат.

Бул жерде бир чоң маселе, эгерде айым үй-бүлөлүү болсо анда ал жолдошу менен бардык нерсени кеңешип чечиши керек. Мен өзүм билемдикке салса анда иш жакшы болбой калат. Үй-бүлө болгондон кийин бардык нерсени чогуу чечкен оң. Айым киши сүйлөшкөндү, оюн так, ачык жеткиргенди билиш керек, жолдошу менен сүйлөшүүлөр аркылуу бардык нерсени оң жагына чечип алса болот. Баары бир макул болбойт да, каршы болот дей берген болбойт, бул жерде демек айым өзүн-өзү токтотуп, чектеп алган. Түшүндүрүп, туура айтса балким үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн жок демек эмес. Айым бизнеске келүү үчүн ачык-айкын болгону, ар бир кадамын жолдошу менен кеңешип турганы маанилүү.


L. Ишкердик баштайм деп турган мекендештерге кеңештериңиз?

Эң биринчи адам өзүн таануудан башташы керек. Досум бул ишти кылып жатат мен дагы эмес, кошунаны, туугандарды туурап эмес, бирөөнүн максатын өзүңө оодарып алып эмес, өз максатыңды так билишиң керек. Өз максатыңды так билиш үчүн атайын отуруп алып анализ кылып, өзүн таануунун абдан көп жолдору бар, ошолорду колдонсо болот. Мисалы, бир кагазга бардык каалоолорду жазып чык. Аларды талдап, колуңдан келбей турганын, же арсар ойдо болгондоруңду чийип отуруп, 100 каалоодон 10у калат. Алардын ичинен 3өөнө приоритет коёсуң. Үчөөнөн бирөөнү тандайсың. Жапон философиясынан келген икигай деген түшүнүк бар, адамдын жасай турган иши өзүнө жагышы керек, коомго пайда алып келиш керек жана сөзсүз акча алып келиши керек. Эгерде сиздин кылган ишиңиз ушул үч талапка жооп берсе анда токтобостон уланта берсеңиз болот. Биринчиси, өзүңүзгө эмне жагаарын өмүр бою ушул иш менен алектенгенге даярмынбы деген суроону берип аныктап алыңыз, экинчиси, коомго пайда алып келген иш болсун, ошондо  ал коом сиздин  кардарларыңыз болот, үчүнчүдөн, алар сизге акча алып келет. Бул акчанын эсеп-кысабын чыгарыш үчүн билим алыш керек сөзсүз. Билимсиздик жашоону оорлотот, билимдүүгө дүйнө жарык, жолуңуз жарык болсо чалынбай алдыга жүрүп отурасыз, караңгы болсо бир аңга түшүп жок болосуз. Ошондуктан керектүү жерден, керектүү адамдардан билим алыш керек. Убакытты коротпой тез арада билимге ээ болуунун жакшы жолу бул ментор, өзүңө насаатчы алуу. Илгерки эле устат-шакирт жолу.

айзада25

L. Онлайн окутуулар барбы?

Ооба, инстаграм аркылуу онлайн окуулар бар. Тайпада 10 айымдан жогору болсо биз 10 күндүк өзүн таануу курсун өтүп беребиз.

L. Кыргызстан сиз үчүн…

Кыргызстан мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк, башка өлкөгө барсаң мындай мүмкүнчүлүктөр жок. Экинчиден, Кыргызстан мен үчүн женил жашоо. Бул бейиштин эле бир бурчу. Биз Араб өлкөсүнө барганда абдан ысык, дем жок, эч нерсе өспөйт. Биз аларга арыкта шаркырап агып жаткан сууну көрсөтсөк, алар абдан таң калып, силердин жер бейиш деп суктанган. Кийин Лондондо болдум. Биз 4 соток эле кичинекей жер экен деп ыраазы болбойбуз. Аларда 2 соток жерде 4 киши жашайт, үйлөрү тар, газ жок, кайра-кайра жаан жаайт, нымдуу, күн бүркөк болсо элдин кабагы да ачылбайт. Бизде болсо 4 мезгил бар, кандай гана керемет. Биздин жаман Кыргызстаныбыз бирөөлөр үчүн бейиш, жомок сыяктуу.