Өзүнүн жеке клиникасын негиздеген дарыгер Мунара: “Медициналык бизнес көп киреше алып келбейт”


Булак: https://limon.kg/ky/news:80762


Мунара Исаева дарыгер- невропатолог, алголог, реаниматолог, УДИ - адиси жана “Нейросеть” клиникасынын негиздөөчүсү. Ал бала кезинен бери эле медицина жаатына кызыгып келгенин айтат. Учурда каарманыбыздын Каракол шаарында ачкан клиникасы алгылыктуу иш жүргүзүп, бейтаптарды кабыл алууда. 

Мунара элибизге медициналык кызмат көрсөтүп коомго пайда келтирип жатканына сыймыктанарын айтат. Каарманыбыз өзү түптөгөн клиникасы жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу Limon.kg медиасына маек курду. 


L. Мунара, саламатсызбы! Окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу тааныштырсаңыз?

Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында 1993-жылы төрөлгөм. С. Киров атындагы орто мектебин кызыл аттестат менен бүтүргөм. ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Медициналык Академиясына бюджетке окууга өткөнмүн. Ал окуу жайды 2017-жылы кызыл диплом менен аяктап, ошол эле окуу жайдан неврология ординатурасын 2019-жылы аяктадым. 

Эмгек жолум “Кортекс” клиникасында иштөө менен башталган. Андан кийин Ысык Көл облустук ооруканасында жана жеке менчик “Азия Мед” клиникасында иштедим. Кийин өзүнчө бөлүнүп, жеке клиникамды түптөгөнгө жетиштим. Учурда ошол жакта иш алып баруудамын. 

Үй-бүлөлүмүн, жолдошум, балам бар. Апам да жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, медициналык тармакка өттү. Ал 50 жашында Кыргыз Медициналык Колледжине тапшырган. Учуруда фармацевтика жагын окуп жатат.

L. Сиз кантип дарыгерликке кызыгып калгансыз?

Бала кезимен бери эле бул кесипке кызыкчумун. “Будь здоров”, “Малышева” деген берүүлөрдү кызыгуу менен көрчүмүн, адамдын организминде болуп жаткан өзгөрүүлөр мага кызык болчу. Ден-соолук жагын изилдегим келе берчү. Ошентип, 8-классымдан баштап химия сабагын абдан жакшы окуп, бул предмет боюнча облустук сынакта жеңүүчү болуп, Республикалык олимпиадага чейин баргам. ЖРТ тапшырууда химиядан жана биологиядан жакшы упай топтой алганым үчүн Медициналык Академияга тапшырдым. 


L. Жеке клиниканы ачуу оюңузга кантип келди?

Мен 11-классымды окуп жүргөн кезимде Роберт Кийосакинин “Богатый папа, бедный папа” китебин окуганмын. Ошол китеп абдан эсимде калыптыр, анткени китептин “сени акчага эмес, акча сага иштегенин үйрөтөт” деген мааниси мага өзгөчө таасир калтырган.

Менде менеджерлик да жөндөмүм болсо керек, аны өөрчүтүп, өзүмө команда топтой алдым. Мурун жеке менчик компанияларда иштегенде жөн эле иштей бербестен, ал жактан тапкан акчаларыма өзүмө жабдык алып чогулта берген элем. Алар көбөйүп баштаганда, аракеттенсем өзүмдүн жеке клинимкады ача аларыма көзүм жетти.

L. Өзүңүздүн клиникаңызды кантип түптөй алдыңыз?

Өз алдынча клиника ачуу оңой эмес экен. Бирок мага "Ишкердикти Колдоо Борборунун" колдоосу абдан жакшы жардам берди. Аларда атайын колдоо кылуучу бизнес-консультант, юрист, пиар-менеджерлер бар. Алардын жардамы менен жеке клиникамды ача алдым десем жаңылышпайм. Уюм кызматкерлеринин жардамы менен тийиштүү документтерди топтоо боюнча маалымат берди. Ошентип лицензия да алып жетиштим.

Кесибимдин аркасы менен жакшы каражат табуу максатында ушул клиниканы негиздөөнү чечтим.

Клиникабыздын имараттын ижарага алгам. Бирок ичиндеги жабдуулардын баары өзүмдүкү. Учурда клиниканы кеңейтүүнү ойлонуп, гранттык программаларды издештирип жатам. 


L. Клиникаңыздын өзгөчөлүгү эмнеде, кандай оорулууларды дарылайсыздар?

Мен өзүм невропатолог-дарыгермин, ошондуктан неврологиялык оорулууларду көбүрөк дарылайбыз. Клиниканын өзгөчөлүгү - заманбап жабдууларыбыз бар. 

Ошондой эле, биздин дарыгерлер ар дайым билим деңгээлибизди жогорулатып, атайын окууларга барып турабыз. Мен Москва шаарына, Питер шаарына барып турам. Ал жакта неврология абдан өнүккөн, биз алардан көп нерселерди үйрөнүп келип жатабыз. Мисалы, мен жакында алголог адистиги боюнча окуудан өтүп келдим.  

Алголог - бул өнөкөт жана курч оорулар менен иш алып барган дарыгер. Учурда биздин клиникада бул багыттагы тажрыйбабызды бейтаптарга карата колдонуудабыз. 

L. Командаңызда канча адам эмгектенет?

Жалпысынан 9 адам иштейбиз. 

619f871a-9cc3-43ec-8f6c-4279e9f63c23

L. Кабыл алуу бааңыздар канча болууда?

Кичинекей балдарды биз комплекстүү түрдө текшерүүдөн өткөрөбүз. Ал да биздин өзгөчөлүгүбүз десек болот. Жаш балдарды эмдөөдөн өткөргөндөн кийин невропатологго көрсөтүшөт. Биз УДИ, нейросонография аркылуу башын жана жамбашмсөөгүн тартабыз. Ымыркайларды педиатр да көрөт. Анын баары биригип - 1600 сом. 

Чоң кишилерди аппарат аркылуу текшерүүдөн өткөрүү 500 сомдон 3500 сомго чейин чыгат. Бирок комплекстүү түрдө текшерүүдөн өтөм деген адамдар чанда кезигишет. Бул каражаттын жетишсиздигинен улам болушу мүмкүн. Биздин клиника ар тараптуу текшерүүдөн өтөм деген бейтап үчүн абдан ыңгайлуу. Анкени ар кайсы жакка кайрылып, ар эшикти каккылап отурбайт. Бардык текшерүүлөр бир бөлмөдө өткөрүлөт. 


L. Клиниканы түптөөгө, жабдууларды алууга кеткен каражаттар учурда кайра актап жатабы?

Ооба, буюрса, актап жатат десек болот. Көп эле адам келип жатат. Бирок медицина - бул абдан жакшы акча табам деген киши үчүн эмес, анкени бул жерде чыгымдар көп болуп турат. Ошол эле аппараттарды жаңылап туруу зарылчылыгы бар. Алардын баарын эсептей келсек, абдан көп киреше кирет деп айта албайм. Бизнесмендер үчүн медицина жогору кирешелүү бизнес булагы болбосо керек. Ошондуктан көп адамдар медицинаны бизнес катары кабыл ала бербейт. Бул тармакта чыгымдар абдан көп.  

L. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

Алдыда абдан чоң максаттарыбыз бар. Биз элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтө алсак экен деген ниетте иш алып баруудабыз. 

Ысык Көл облусу боюнча жакшы МРТ аппараттары жок. Андай аппаратты алып келсек деп ойлонуп журөбүз. Бирок ал абдан кымбат баада жана өзүн жакын арада актабай тураган аппарат. 

Ошондой эле, нейрохирургиялык профиль ачылып, операциялар бизде да жасалса дейбиз. Мисалы, азыр айрым жеке клиникаларда ийгиликтүү операциялар жасалып жатат. Бирок дарыгерлер аймактарга келип иштегенден качышат. Бул суроолор менен көп ойлончу болдум. 

Аларга биз шарт түзүп беришибиз керек, операция жасоого жагдай тузүү зарыл, айтор, пландарыбыз абдан көп. Мында каражат маселесине келип такалууда. Биз мындай маселелерди чечип, көлдүн элине жергиликтүү клиникаларда операция жасалса дейбиз. Анткени операцияга муктаждардын баарын Бишкек шаарына кетирип жатабыз. Мисалы, инсульт же гемотома болот, андай учурларда нейрохирургдар операция кылышы керек. Аларды биз санавиация менен Бишкек шаарынан бери чакырабыз, убакыттан уттуруп калышыбыз да мүмкүн. Ошондуктан өзүбүздө нейрохирургдар иш алып барса жакшы болмок. 

9421bab5-0247-4e75-a154-492b17443399

L. Дарыгер болом деген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Дарыгерлик кесипти тандайм дегендер алгач бул кесипти сүйүшү керек. Бул кесип талыкпас эмгек, көп мээнетти талап кылат. Учурда медициналык академияда 9 жыл окуу шарт. Окуу үчүн көп убакыт жана каражат да кетет. Бул нерселерге психологиялык жана материалдык жактан да даяр болуу керек. Менин байкашымча, бул медициналык окуу жайды кесибин сүйгөн гана адам  аягына чейин окуй алат. Көп студенттер окуусун таштап салышат. Ошондуктан медицинада жакшы акча табуу же бул кесиптин аброюна карап эле окууга тапшырып алган туура эмес. Анткени окууда кыйынчылыктар көп болот. Күнү-түнү уктабай окуганга туура келет. Ошого өзүнүн кесибин сүйгөн гана адам чыдай алат деп ойлойм. Бул багытта иштейм дегендерде жакшы мүнөз, элпектик, кичипейилдик болушу керек. 

Мен мурда мамлекеттик ооруканада иштегем деп айтпадымбы, ал жакта дарыгерлер көп жумуш аткарып, аз айлык алышат. Ал эми  кесибинен улам дарыгерлер чарчоолорго көп кабыл болушат. Дарыгер болом деген жаштар мындай ишке чыдай алышарына көздөрү жеткенде гана бул багытты тандаса туура болот деп ойлойм. 


L. Адамдар оорунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна  жаш кезинен баштап кам көрсүн, өзүн жакшылап карасын. 

Биздин ата-энелерибиздин учурунда турмуш мындан да оорураак болгон. Аталар күнү-түнү сугатта, апалардын колу муздак суудан чыкпай иш кылышкан. Алардын көпчүлүгү өнөкөт ооруларга туш болушкан. Эмне кылып жардам берериңди билбей калган да учурлар болот. Ошондуктан өзүңөрдү жаш кезден баштап сактагыла, туура витаминдерди ичкиле, физикалык активдүү болгула, алкоголь, энергия берүүчү ичимдиктерди ичпегиле, тамеки чекпегиле деп сунуштайт элем. 

Бизде кант диабети, жогорку кан басым менен жабыркаган адамдар көп. Аларга да кан басымыңарды убагында өлчөгүлө, туура дарыларды ичкиле деп сунуш айтат элем. Анткени бул дарттардын өтүшүп кетүүсү инсульт жана инфарктка алып келет.

Ошондуктан дайыма ден-соолугүңуздарга кам көрүп жүрүүңүздөрдү сунуштайм, оорубаңыздар!