“ОШ ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСТТАРЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ”

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланып жана “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы жана Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) менен биргеликте ишке ашырылууда.


Программанын максаты - Ош жана Талас облусттарындагы ишкер айымдарга каржылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.


Программага төмөндөгү критерийлерге төп келген ишкер айымдар катыша алат:

• Ишкердикти үйрөнүүгө жана өзүнүн бизнес-пландарын же идеяларын өнүктүрүүгө даяр;

• Туруктуу (чакан жана орто) бизнестин жана оригиналдуу/инновациялык бизнес-идеялары бар;

• Каржылык эмес, гранттык колдоого муктаж бизнестин ээлери (өндүрүштү кеңейтүү, кошумча жабдууларды сатып алуу ж.б.).


Негизги артыкчылыктуу секторлор:


Билим берүү жана маалыматтык технологиялар (IT):

  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелери (бала бакчалар)
  • Кошумча билим берүү мекемелери
  • Башка окуу жайлар, анын ичинде IT курстар

Коомдук тамактануу:

  • Кафелер, ресторандар, наабайканалар

Кызматтар:

  • ТВ, радио, маалымат каражаттары, туризм
  • Текстиль, жеңил өнөр жайы
  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү


Тандоодо артыкчылык берилет:


  • Турмуштук/экономикалык абалы оор/ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга (ДМЧА);
  • Социалдык жана экспортко багытталган (иш орундарын түзүүгө, региондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган) бизнеси бар айымдарга;
  •  Креативдүү бизнес идеясы бар айымдарга;


Тандоодон ийгиликтуу өткөн катышуучулар:


• Ишкердик, укуктук сабаттуулук, бизнес-пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча окутулат;

• Реалдуу натыйжалары бар, жогорку сапаттагы бизнес-планды/долбоорлорду иштеп чыгууну үйрөнөт, ошондой эле бизнес долбоорду көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;

• Келишимдин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде, ИКБ эксперттеринен консультациялык колдоосун жана ар тараптуу коштоосун, ошондой эле долбоордун мониторинги (1 жылга чейин) алат;

• Бизнести баштоо/жүргүзүү үчүн жабдуулар түрүндө грант алат.


Гранттар, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып алуу процедуралары аяктагандан кийин берилет.


Каржылык эмес колдоонун/гранттын максималдуу суммасы 200 000 сомго чейин!


Көңүл буруңуз!

Жабдууларга коюлган талаптар: 


1) 1 катышуучудан эң көп, жабдуулардын 2 түрү;

2) Ишканалар үчүн типтүү жабдуулар;

3) Кыргыз Республикасынын базарында сатылуучу жабдуулар;

4) Үй шартында жасалган жана колдонулган жабдуулар (шайкештик сертификаты жок) каралбайт;



Көңүл буруңуз! Программага катышуу үчүн анкетада ишенимдүү, так жана далилденген маалымат камтылыш керек. Долбоорлор үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга багытталбашы керек. 


Арыздарды кабыл алуунун тартиби жана программага катышуунун шарттары:


программага катышуу үчүн 

боюнча жайгашкан арыздарды толтуруп, 2024-жылдын 24-марты, саат 18:00дөн кечикпей тапшырышыңыз керек.


* Программага катышуу акысыз.