Макаланы даярдаган Ишкердикти Колдоо Борборунун Ысык-Көл облусундагы юрист-консультант Мирлан Давляев. Акысыз кеңеш алуу үчүн 0 222 063 646 номерине ИШКЕР деп жазыңыз!

Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасында экономикалык өсүшүнө Алтын кендери жана орто жана чакан бизнестин өнүгүшү да таасирин тийгизип жатат деп айта алабыз.  Жалпысынан бизнестин өсүшү автоматтык түрдө салык төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү салык жыйымдарынын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Бирок, иш жүзүндө биз көпчүлүк салык төлөөчүлөр төмөнкүдөй максатты көздөп жатканын көрүп жатабыз - салыкты азайтуунун ар кандай схемаларын жана аларга карата колдонулуучу салык мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды колдонуу, мүмкүн болушунча азыраак төлөө. Өз кезегинде салык органдарынын максаты - салык төлөөчүлөрдү мүмкүн болушунча кирешесин мамлекет менен бөлүшүүгө мажбурлоо. Бул максаттардын ортосундагы карама-каршылык салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда талаштуу жагдайлардын пайда болушуна алып келет.

Кыргыз Республикасында салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана аларды жүргүзүүдө пайда болгон процедуралык маселелер ишкерлер үчүн актуалдуу. 

Салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жана салык кызматтарынын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайк жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-главасына ылайык салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп жазма буйрукта көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

Ошондой эле, Салык органы тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар болбогон эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.




Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералдык текшерүү.


Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкары текшерүү - салыктын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышына төмөнкү учурларда текшерүү жүргүзүлөт:

а) уюмду жоюуда;

б) жеке ишкер ишин токтотууда;

в) ишкер салыкты туура эмес эсептөө фактылары бар экенин далилдеген документалдык жактан ырасталган маалыматтарды салык органы  алган учурда;

г) уюм же жеке ишкер банкрот деп таанылган учурда;

3) утурлама текшерүү – ишкердин КНС ашыкча төлөнгөн суммаларынын пайда болушуна түздөн-түз байланышы бар үчүнчү жакты текшерүү;

4) кайра текшерүү - салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) көчмө текшерүүдө аныкталбаган салыктык фактылары болсо жана салык органынын кызмат адамынын жүйөлүү арызын алганда;

б) ишкер көчмө текшерүүдө кийин такталган отчетун бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча мурунку текшерүүнү жүргүзбөгөн салык кызматынын кызматкери жүргүзүүгө тийиш.

5) тематикалык текшерүү - конкреттүү фактты белгилөө максатында салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусун кароодо ыйгарым укуктуу салык органынын тапшырмасы боюнча салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлары кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү салык төлөөчүнүн ишин токтотпошу керек.


 Камералдык текшерүү жүргүзүү

 Камералдык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз болгон, салык төлөөчү берген салык отчетторунун жана маалыматтарынын, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иштери тууралуу документтердин негизинде салык органы жайгашкан жер боюнча салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

Камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз, салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.


Камералдык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:

1) салык төлөөчү тарабынан бузулган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабына көрсөтмө;

2) алардын негизинде салыктын суммасын азайтуу же жогорулатуу жана/же катанын болушу боюнча факты жөнүндө тыянак чыгарылган документтер, отчеттор жана маалымат булактары;

3) эгерде ал жүргүзүлсө, салык милдеттенмесин кошуп эсептөөнүн эсеби;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды четтетүү жөнүндө талап.

Камералдык текшерүүнүн маалымкаты эки нускада түзүлөт жана бул текшерүүнү жүргүзгөн адам кол коёт.

Салык төлөөчү камералдык текшерүүнүн жыйынтыгын даттанганда  салык органы 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен салык органы кабыл албайт же жарым-жартылай кабыл алып, Салык Кодекстин талаптарына ылайык чечим чыгарууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык санкциясы колдонулбайт.

Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктардын жана туумдардын суммасын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү, эгерде ал бул чечимди ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.

Салык органынын кызматкери камералдык текшерүүдө Салык кодексинин талаптарын сактабаса жыйынтыгы жөнүндө салык органынын чечимин жокко чыгаруу жана кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жөнгө салган мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

Салыктык текшерүүлөрдү билүү менен ишкер өз укуктарын билип эле калбастан мыйзамсыз текшерген салык кызматкерин жоопко тартууну да алып келет.