24-сентябрда Талас облусунун ишкерлери үчүн Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча иш-чара уюштурулду.

Иш-чара Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда ишкерлерге МЖӨ (ГЧП) боюнча жалпы маалымат берүү, МЖӨнү ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлөрдү жана бул багытта потенциалдуу долбоорлорду аныктоо максатында өттү.

Анда МЖӨ борборунун улук эксперти Эрденет Касымов ишкерлерге төмөнкү багыттарда маалымат менен бөлүштү:

✅МЖӨ боюнча жалпы маалымат;
✅МЖӨ боюнча региондордогу ийгиликтүү кейстерден мастер -класстар;
✅МЖӨнү ишке ашырууда пайда болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу дискуссия;
✅Жана көйгөйлөрдү чечүү, МЖӨнү алдыга жылдыруу боюнча сунуштар, суроо-жооп менен коштолду.

________________________

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!