🎯9-13-сентябрь аралыгында Бишкек шаарында Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) финансы-консультанттарынын тажрыйба алмашуу программасы болуп өттү. 

Финансы-консультанттар “Проф Лайн” аудиттик компаниясы, 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жана Салык консультанттарынын палатасы менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашуу максатында төмөнкү багыттарда сүйлөшүүлөр жүргүздү: 

☑️ Консультациялык кызматтар

☑️Аудитордук иш

☑️Салык жана каржылык консалтинг

☑️Финансылык анализ

☑️ Финансылык менеджмент

☑️Тобокелдиктерди башкаруу

☑️Финансылык пландаштыруу жана бюджетти түзүү.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!