30-июль Талас шаарынын мэриясынын жыйын залында социалдык контрактын негизинде тандалып алынган 57 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды.

Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Джеенбеков, Талас райондор аралык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы К.Джанчыкулов жана Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) Таластагы координатору Т. Досалиев,бизнес-консультанты Н.Сулайманов катышып, социалдык контракт алуучуларга жаңы иштерине ийгилик каалап, сертификаттарын тапшырышты.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!