9-12-июль күндөрү Бишкек шаарында Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) юрист-консультанттары арасында тажрыйба алмашуу программасы болуп өттү.

Программага ИКБнын 5 облусундагы юрист-консультанттар.

Программанын алкагында JIA Бизнес-ассоциациясы, Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун жетекчилиги жана командасы, Кыргыз Стандарт мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз патент мамлекеттик ишканасына иш-сапарлар уюштурулуп, жакындан таанышуу, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Ар бир жолугушуунун аягында сунуштар жана чечимдерге ылайык командалык талкуулар жүргүзүлүп, слайд даярдалды.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!