Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) командасы Марал Радиосунун Экомайдан берүүсүндө "Аймактардагы ишкерлердин абалы: көйгөйлөр жана чечимдер" тууралуу конокто болду. 


Ага Ишкерлерди колдоо борборунун Оштогу координатору Шерали Касымалиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин экономикалык маселелер боюнча улуттук кеңешчиси Амангелди Жумабаев, Ишкердикти колдоо борборунун долбоордук менеджери Замир Дүйшөев, Ишкердикти колдоо борборунун Баткендеги бизнес-консультанты Дастан Турдуев болду. 


Эфирде аймактардагы ишкердүүлүктүн өсүшүндө ИКБнын орду, экономикага тийгизген таасири, айым ишкерлерди колдоо багытындагы иш аракеттер, бизнес-консульттанттардын ишкер үчүн болгон мааниси жана салымы тууралуу сөз болду.