Балыкчыда балык саткан Акжолтой айым: "Гранттык колдоочу уюмдардын талаптарына жооп берип, ишкерлигимди кеңейте алдым"


Булак: https://limon.kg/ky/news:81077 

Акжолтой Алмерекова Балыкчы шаарынын тургуну. Ал балыктары ыштап, андан соң атайын таңгактоо менен Ысык-Көл облусу боюнча сатат. Каарманыбыз балык сатуу иши менен бир канча жылдан бери эмгектенип келген, бирок мурда ишкерликтин сырларын жакшы билбегендигин айтат. 

L. Акжолтой саламатсызбы! Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Мен Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында төрөлгөнмүн. Ошол айылымдагы орто мектепти бүтүрдүм. Андан соң, турмушка чыктым, 3 балалуу болдук, 2 кызым инвалид болуп калды. Жолдошум менен келише албай ажырашып кеттик.   

Балдарымды атайын (спец) мектептерде окуттум. Учурда алар чоңоюшту. Алар мага жардам берип келишет. Азыркы күндө Балыкчы шаарында жашап,  ишкерлимди да ушул жерден жүргүзүп жатам. 

L. Ишкерлигиңизди кантип баштап калдыңыз?

Мен 2002-жылдан бери эле балык сатуу менен иштеп жүрөм. Ал кездерде жөнөкөй эле иштеп келгем. 2019-жылдан бери ишимди кеңейтип, каттоодон өтүп, официалдуу иш жүргүзүүдөмүн. 

L. Бүгүнкү күндө балык сатуу ишиңизди алгылыктуу жүргүзүп жатыптырсыз, бул туурасында айтып берсеңиз?

Биздин Балыкчынын мериясында иштеген Айгүл атту айым бар, ал  мага ишкерлерди колдой турган ЖИА уюуму тууралуу айтып, уюмга кошулууну сунуштаган эле. Ошентип, бул уюмга мүчө болуп калдым. Ал жактан ишкерлик боюнча көптөгөн окууларга катышып, пайдалуу билимдерди алып келе жатам.

fdccb27d-c8e7-43c0-84a4-c7a88dc1088e

Пандемия убагында үйдө отуруп калдык. Анда ишкерлигими кантип кеңейтсем экен деп ойлонуп жүрдүм. Ошо кезде социалдык баракчалардан  “Жаш ишкерлерди колдойбуз” деген долбоор чыгып калды. Бул ПРООН уюмунун долбоору эле. Мен ага балким өтүп калам деген ойдо арызымды жөнөтүп койгон элем. Долбоор үч турдан турган. Насип болуп биринчи турунан өтүп кеттим, алар ишкерлигимди колдоо катары 70 000 сом акча беришти. Андан соң 10 000 доллар каражат алдым. 

Балыкчыда жолдун боюнда көптөгөн балыктар илинген бойдон сатууда турат. Чаңда, шамалда турган балыктарды, элдер сатып алып жатканын көрүп таңыркайт элем. Анын үстүнө алардын көбү боекко салынган балыктар эле. Айтканымдай мен буга чейин деле балык сатуу жагында иштеп жүргөм. Бирок ушуну натуралдуу, пайдалуу кылып, таңгактап сатыкка чыгарайын деп ойлонуп жүргөм. 

Ошентип, гранттык колдоону ишимдин сапаттуулугуна жумшадым. Алгач, муздаткыч, вакумдоочу аппараттарды сатып алдым. Кээ бир дүкөндөргө балыкты алып барууда, “балык жыттанат”,- деп алгылары келбей калышат. Ошондуктан вакумдоонун дагы бир пайдасы бар. Вакумдоочу аппаратты 2000 долларга сатып алдык.

Мурда такси менен жеткирүү кылсам, эми өзүмө авто унаа сатып алып, көлдү айлана кыдырып, өзүм жеткирүү кыла баштадым. Мен буга чейин деле соода кылып жүргөнүм менен, ишкерликте атайын билимим болбоптур. Азыр ойлоп көрсөм, мурда көп эле жолу соодадан күйгөн учурларым деле болгон экен. 

51a822fe-2e04-4e6d-abdc-7c0ef4aae51b

L. Балыктарды кайдан аласыз?

Бизге тоңдурулган океандын балыктарын алып келип саткандар бар. Учурда алардан бир коробка балыкты - 2850 содон сатып алуудабыз. Бир каробкада 20 кг, 70 шт балык болот. Алардан сатып алып, эритип, союп, ичин тазалап жууп, ыштап андан соң, вакумдап анан дүкөндөргө сатууга таркатабыз. 

Окуулардан өткөн соң, киреше, чыгашаларга туура эсептөө жүргүзүүнү үйрөндүк. 

PICT0066-011

L. Сатууну кайсы жактарга жүргузөсүз?

Жуманын бир күнү Каракол, Ак- Суу, Тоң, Түп, Чолпон-Атага барып көлдү тегеренип өзүмдүн унаам менен дүкөндөргө таратып чыгам. 

L. Көптөгөн гранттык программаларга катыштым, дедиңиз алардан кантип грант ала алдыныз?

Ысык-Көлдө Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) бар. Алар атайын гранттык конкурс уюштуруп, ЕККУ (ОБСЕ) уюмунан 135 миң сомдук бир жарым тонналык муздаткыч беришти. Азыркы күндө ал муздаткычты жакшы колдонуп, пайдасын көрүп жатам. 

Мен бейөкмөт уюмдарынын бардык талаптырына жооп бергендигимден, алар мага ишенип каржылык грантты берип жатышты. Алардын колдоосунун астында жакшы жетишкендиктерге жетип, ишкерлигим чоңоюп жатат.

454ad33f-3b50-4adf-bcc7-d0e01fcd41ae

L. Бир айда канча кг балык иштетесиз? 

Бир айда 800 кг-1 тонна балык иштетем. Сезон убагында 2-3 тоннага чейин болот. 

L. Сатуудагы бааңыз канча сомдон?

Менде жайкы сезондо конкуренция көп болгондугуна байланыштуу балыктарды эл сатып ала тургандай кылып, орто бааны коем. Учурда бир даанасын - 65 сомдон коюп жатабыз. Бир даана балыкта-  300 гр болот. 

Ошондой эле, ар дайымкы өзүмдүн кардарларым бар. Элдер деле боелгон балык менен, натуралдуу ышталган балыктын айырмасын билип калышты. 

L. Балыктын кандай сортторун сатасыз?

Сезон эмес учурда балыктардын бир эле түрүн сатабыз. Бул тынч окендын “сельдь” балыктары. Ал эми сезон учурунда окенандын бир канча түрдөгү балыктарын сатабыз (черная глазка, красная перка). Ошондой эле, балкаштын, капчыгайдын балыктары да келет. 

6307fdbe-343b-4de7-82d0-86d51d79ced4

L. Кирешеңиз кандай болууда өзүн актоодобу?

Ооба, буюрса кирешем жакшы, чыгашамды жабат, керектөөлөрүбүзгө жетет дегендей. 

049cb6e4-130b-4ad9-ab9c-1e20c6d7fd95

L. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

Биз кайра иштетип анан сатуучуларданбызда, ошондуктан келечекте балыктардан чыккан саркындыларды, кайра иштетсем деген пландарым бар.  

Ишкерликти үйүмдүн кичинекей эле жеринен кылам. Өкмөт ижарага мага жер бере турган болсо, цехимди сыртка чыгарып, ошол жерге кайра иштетүү боюнча иштеримди жүргүзсөм деп жатам. Учурда көлдүн түндүк жолу менен түштүк жолун бириктирүүчү жол салынууда. Эгер жол салынып бүтүп калса, ал жакка заманбап балык базарын ачууну көздөп жүрөм. 

6fc8640f-ac3d-4c15-a435-5076131047b7

L. Ишкер болом дегендерге кандай кеңеш бересиз?

Ишкердик баштоодо эч коркпогула дейт элем. Аз акча менен деле ишкерликти баштай берсе болот. Башкысы туура бизнес жүгүртүүнү үйрөнүп алган жакшы. Аны ишкерликти колдоочу уюмдардан окуса болот.