ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Талас шаарындагы Ишкердикти Колдоо Борборуна (ИКБ) келип, жергиликтүү ишкер айымдардын билим берүү, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана саламаттыкты сактоо тармактардагы жетишкендиктери менен таанышты.

Белгилей кетсек “Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору Талас облусунда 2 жылдан бери уланып келет. Долбоордун алкагында 32 айым ишкер (2023-жылы 17, 2024-жылы 15) 200 миң сомго чейин финансылык эмес колдоо (жабдуу иретинде) алышкан. Андан сырткары Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) консультанттары тарабынан 3 күндүк укуктук сабаттуулук, бизнес-пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг жана товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү, PR боюнча окутууларлар өтүп, консультациялык колдоолорду алууда.