Bridging Minds 2024

Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультанттары Борбордук Азия бизнес-консультанттарынын II эл аралык конференциясына катышты. 

Конференция төмөнкү негизги багыттарда болду: 

✅Стратегиянын күчү: Туруктуу өсүштүн ачкычы

Жаңы рынокторго чыгуу стратегиялары: жаңы чектерди багындыруу

✅Санариптик трансформация: технология дооруна стратегиялык мамиле

✅Туруктуулукту башкаруу: Узак мөөнөттүү ийгиликтин стратегиялары

✅Эл аралык стратегиялык өнөктөштүк

✅Каржылоону тартуу: чакан жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү чечимдер

✅Чакан жана орто бизнести колдоодо эл аралык уюмдардын ролу


———————————

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Бизнес Ассоциация JIAнын  демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.