30-апрелден 1-майга чейин  «Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында тандалып алынган 30 ишкер айымга окутуулар болуп өттү.

Окутууда айым ишкерлер Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) консультанттары тарабынан ишкердик, укуктук сабаттуулук, бизнес-пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг жана товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү, PR боюнча маалымат алышты.

Жыйынтыгында ишкер айымдар өздөрүнүн бизнес-планын презентациялады жана мыкты жыйынтык көрсөткөн 20га жакын ишкер айымга жыл ичинде 200 000 сомго чейин накталай эмес техникалык колдоо берилет.

Тренерлер Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультантары Султан Рахманов, Нурсултан Сулайманов, Бактыбек Рысалиев, Замирбек Рахманкулов жана Перизат Мамарайым кызы.

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланып, “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы жана Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен биргеликте ишке ашырылууда.