Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) юрист-консультанты Замирбек Рахманкулов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Эл аралык адвокаттар ассоциациясынын Адам укуктары институту жана АБА менен биргеликте Юристтер жана Адвокаттар мектебин ийгиликтүү аяктады.

Мектептин катышуучулары кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун эл аралык механизмдери менен кеңири таанышты. Ошондой эле, эл аралык коргоонун маңызы жана мааниси, кыйноо жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоо боюнча БУУнун механизмдери, кыйноо боюнча атайын баяндамачыга кайрылуулар жана башка маалыматтарга ээ болушту.


Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.