Ош жана Нарын: Сугат сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча мыкты бизнес-идеяларды тандоо максатында сынак үчүн өтүнмөлөрдү толтуруңуз. 

Сынакка кимдер катыша алат:

Ош жана Нарын облустарындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, сугат сууну эффективдүү пайдалануу/бөлүштүрүү/камсыздоо жаатында 3 жылдан кем эмес кызмат көрсөткөн тажрыйбасы бар ишкерлер(чакан/орто), билим берүү жана илим институттары, жеке ишкерлер.

Толук маалымат

________________________

Ысык-Көл: Бизнес ассоциация JIAнын Ысык-Көл облусундагы филиалы, Ишкердикти Колдоо Борбору жана Каракол шаардык мэриясы менен биргеликте шаарыбызды жашылдандыруу максатында

”БИР ИШКЕРДЕН БИР КӨЧӨТ🌳” социалдык акциясын өткөрөт✅

❗Бардык ишкерлерди жана Каракол шаарынын тургундарын бул жашыл акцияга катышууга чакырабыз!

🗓️ 1-май 2024-ж.

⏰09:00

📍Каракол ш. “Жеңиш” паркы

Толук маалымат

__________________________

ECD Acceleration программасына кошулуңуз жана эрте балдарга билим берүүнү жана өнүгүүнү дагы да жакшыртыңыз! 🌟

Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын балдары үчүн бала бакчалар, билим берүү жана чыгармачылык борборлор катыша алат. Эксперттик колдоо жана 50 000 долларга чейин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү алыңыз. 💡

Толук маалымат

__________________________

12-13-июнда Бишкекте маанилүү регионалдык форум өтөт. #CAMCA2024Bishkek

«CAMCA» - бул (Central Asia (Борбор Азия) – Mongolia (Монголия) – Caucasus (Кавказ) – Afghanistan (Афганистан) өлкө аталыштарынын аббревиатурасы. (🗣️КАМКА)

10 өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Грузия, Азербайжан, Армения, Афганистан жана Монголия) ЛИДЕРлери пикир алмашуу, өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана региондун бирдиктүү өнүгүү преспективасын талкуулоо үчүн чогулабыз 🚀

Толук маалымат

____________________________

Улуу Британиянын Регионалдык инвестициялык фондунун каражаттары негизинен аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер билдирди.

Дипломатиялык миссиянын башчысы Улуу Британиянын аймакта уставдык капиталы 19 миллион фунт стерлинг болгон атайын фондду түзүү пландарын белгиледи.

Толук маалымат

_______________________________________________

Финансирование от Бельгийского фонда BIO 

Инвестиции 1 млн - 15 млн евро

Дедлайн: не указан

Бельгийская инвестиционная компания для развивающихся стран (BIO) предоставляет индивидуальные финансовые решения предпринимателям, компаниям финансового сектора и частным инфраструктурным проектам в сочетании с поддержкой программ по наращиванию потенциала.

Миссия BIO заключается в поддержке сильного частного сектора в развивающихся странах, чтобы дать им возможность получить доступ к росту и устойчивому развитию в рамках Целей устойчивого развития.

Толук маалымат