Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору менен биргеликте сиздерди 2024-жылдын 19-апрелинде өтө турган “Товардык белги – компаниянын визиттик картасы” аттуу чакан жана орто ишканалар үчүн тренингге чакырат. 

Кимдерге арналган:
Чакан жана орто бизнестин жетекчилери жана ээлери, маркетинг жана экспорт боюнча адистер, ошондой эле компаниялардын административдик кызматкерлери.

‼️ Тренингге Кыргызпатенттин өнөктөштөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы к ызматынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү жана Кыргызпатенттин эксперттери тартылды.


Толук окуу: https://www.instagram.com/p/C5nvKn7N7wP/

_____________________________________________________________

Конкурс технологических стартапов SLINGSHOT
Призы на 1,2 млн сингапурских долларов
Дедлайн: 1 июля

Примите участие в глобальном стартап-путешествии на восьмом конкурсе SLINGSHOT - главном конкурсе стартапов в области глубоких технологий в Азии!

Толук окуу: https://www.instagram.com/p/C5iaulQIV1_/  

___________________________________________________________

«Графикалык дизайн» онлайн курсуна катышуучулардын анкеталарын кабыл алуу 2024-жылдын 8-апрелинен тартып 22-апрелине чейин жүргүзүлөт. Анкета тапшырууга Кыргызстандын Талас, Нарын, Баткен, Ысык Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад областтарында жашаган 16-35 жашка чейинки жарандар жана майыптыгы бар адамдар катыша алышат.

Анкета тапшыруу мөөнөтү: 2024-жылдын 22-апрелинин саат 18:00 чейин
▪️Окутуу 2024-жылдын 29-апрелинде башталат
▪️Окуу 3 ай бою жүргүзүлөт
▪️Сабактар жумасына 3 жолу 2 сааттан болот
▪️Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт

Толук окуу: https://www.instagram.com/p/C5hr0GOI_Gk/ 

_________________________________________________

Потенциалдуу кардарларды тартууга мүмкүнчүлүк боло турган көргөзмөгө товарыңызды же кызматыңызды көрсөтүүгө чакырабыз!

«Green Waste EXPO 2024» көргөзмөсүнө кошулуңуз - компанияңызды көрсөтүү үчүн эң сонун платформа! 30дан ашык стенд болот, орундар чектелүү.

«Green Waste Forum 2024» көргөзмөсү 20-апрель күнү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында өтөт. Анда сиз ишкерлердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын 300дөн ашык өкүлдөрдүн көңүлүн бура аласыз.

Толугу менен: https://www.instagram.com/p/C5fXpsnM9AM/ 

_______________________________________________________

🚀ГУГЛ ДИСК жана ГУГЛ ДОКУМЕНТТЕРДИ үйрөнүү боюнча семинар. 

🗓: 13. 04. 2024

⏱: 11:00

📍: Ош

Толук окуу: https://www.instagram.com/p/C5gH_0Ps18j/