Ивент сөзү (англис тилинен "event") - көңүл ачуучу жана/же жарнамалык мүнөздөгү коомдук иш-чаралар дегенди түшүндүрөт.

"Ивент менеджери", "уюштуруучу", "Ивент иш-чарасы" деген терминдер жакында эле колдонула баштады. Ивент-менеджер тармагындагы белгилүү эксперт Джо Голдблатт бул кесип өткөн кылымдын ортосунда АКШда Диснейленддин ачылышы менен калыптанганын белгилейт.

Бирок Кыргызстанда иш-чара индустриясы эгемендүүлүктү алгандан кийин, иш-чараларды уюштуруу калыптанып жана эркин түрдө жанданган, бара-бара ивентти уюштуруучу компаниялар рынокто пайда болгондо өнүгө баштаган.

Ивент аркылуу кызыкчылыктары ар башка болгон адамдар бир аянчага топтолуп, таанышып, билим алмашып жана кызматташуулар түзүлүп келет. Ивент-кызматташууга арналган инструмент десек болот.

Ивенттин бир канча түрүү бар:

  • Ачылыштар
  • Көргөзмөлөр
  • Жарманкелер
  • Презентациялар
  • Семинар\Тренингтер
  • Майрамдар
  • Мастер класс
  • Концерттер 
  • Фестивалдар.


Иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн төмөнкүлөрдү камтыш керек:

1. Иш-чаранын максатын жана форматын аныктоо.

Иш-чарадан эмнени каалап жатканыңызды түшүнүңүз: компаниянын продуктусу жөнүндө, каражат чогултуу, коноктор ким жана  билимди жеткирүү. Формат ушуга жараша болот.

2. Пландоо.

Иш-чараны даярдоонун жана өткөрүүнүн деталдуу планын камтыган документти түзүү: логистикадан аны жылдырууга чейин.

3. Бюджет түзүү.

Жалпы ивентке кетүүчү чыгашаларды камтып, пландаштырылган жана мүмкүн болуучу күтүлбөгөн чыгымдардын тизмесин чагылдырат.

4. Толук маалымат.

Иш-чараны даярдап жатканда, бардык майда нерселерди эске алынат: кошумча кантип жакшыртуу, көрүнүшүнө жана чакыруулардын дизайнына чейин.

5. Жайгашкан жери.

Иш-чаранын ордун алдын ала чечип, аны брондоо керек. Сиздин аудиторияңга ылайыктуу жерби? Ыңгайлуулугун кароо.

6. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү.

Форс-мажордук жагдайларды болтурбоо үчүн, даярдык баскычында жана иш-чаранын жүрүшүндө команданын ар бир мүчөсү эмне үчүн жооп берерин чечүү маанилүү.

7. Ивент жөнүндө билдирүү.

Канчалык көп маалымат таратуу каналдарын колдонсоңуз, иш-чараңыздын кызыгуусу ошончолук жогору болот.

8. Кызмат(Сервис).

Бул иш-чараларды өткөрүүдө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Команда жана жардамчы персоналдар ивент учурунда ар бир катышуучуга жылуу мамиле жасап, сервис бекем болушу шарт.

Иш-чарага бир күн калганда, персоналды, жабдууларды, өтө турган жерди, материалдардын жана башкалардын даярдыгын акыркы текшерүүнү жүргүзүүнү унутпаңыз. Текшерүү баракчасын түзүп, иш-чарага чейин аны текшериңиз.

10. Кайтарым байланыш.

Ивент кандай өткөнүн объективдүү баалоо үчүн катышуучулардын пикир калтырууну же анкета толтурууну сураныңыз. Мына ушундай жол менен сиз мүмкүн болгон каталарды талдап, келечекте алардан алыс боло аласыз.

Ивент - бул ар кандай кызыкчылыктардагы адамдарды бир аянтчага бириктирип, кызматташууга үндөйт. 

Макаланы даярдаган Ишкердикти Колдоо Борборунун Ош облусундагы координатору Шерали Касималиев