JIA Бизнес Ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында биргелешкен долбоорду ишке ашырууну жарыялайт🔥


Маалыматтык жолугушууда Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери, электрондук кампа жана ЭТТККны колдонуу эрежелери, электрондук эсеп фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби, салыктар жана социалдык камсыздандыруу электрондук отчетторун өз алдынча тапшыруу сыяктуу ишкерлердин актуалдуу маселелери жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган мораторий жана жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалыматтар берилет.


🔹Долбоордун алкагында 2024-жылдын 28-февралынан 20-мартына чейин Кыргызстандын бардык облус борборлорунда: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Нарын, Талас шаарларында ЭКМнин, МСКнын өкүлдөрүнүн жана JIA Бизнес Ассоциациясынын алдындагы Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынын катышуусунда маалыматтык жолугушуулар уюштурулат. Катышуучулар эң актуалдуу салык маселелери жана бизнести текшерүүгө мораторий боюнча пайдалуу маалыматтарды жана билимдерди ала алышат.


🔹Иш чаранын аягында иш чарага катышкан ишкерлер салык кызматынын кызматкерлеринен жана Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынан жеке консультацияларды алууга мүмкүнчүлүктөрү болот.

Маалыматтык жолугушуулар экономиканын бардык тармактарындагы ишкерлерге, ошондой эле компаниялардын жетекчилерине жана алардын бухгалтерлерине багытталат.


Өткөрүү жайы жана убактысы:

1.Ош ш, Жыйындар залы ОшГУ - 28.02.2024 ж.

📞+996 505 671 566


2.Жалал-Абад ш, Жыйындар залы МНУ - 29.02.2024 ж.

📞+996 700 333 367


3.Баткен ш, Жыйындар залы БатГУ - 01.03.2024 ж.

📞+996 773 221 010


4.Талас ш, Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектеби - 06.03.2024 ж.

📞+996 707 229 299


5.Нарын ш, Жыйындар залы - 12.03.2024 ж.

📞+996 502 230 496


6.Каракол ш, Жыйындар залы - 13.03.2024 ж.

📞+996 222 063 646


7.Бишкек шаары

📞+996 701 882 525

----------------------------------------------------------------------------------------

­­­­­­­­­­­­Мы объявляем о новой программе акселерации для экспортоориентированных компаний с инвестициями до $50,000! Это уникальная возможность для компаний, заинтересованных в расширении своего бизнеса и выходе на новые рынки Европы и Ближнего Востока!


Кого мы ищем?

Компании, занимающиеся следующими сферами:

  - Легкая и пищевая промышленность;

  - Продовольственные товары, текстиль и одежда;

  - Технологии и IT-услуги;

  - Органические продукты;

  - Предоставление услуг по логистике и поддержке международной торговли для бизнеса.


Что мы предлагаем?

- Новые знания и опыт;

- Точки роста и масштабирование;

- Международный экспорт;

- Возможность получить инвестиции до $50,000.

❗Дедлайн приема заявок: 7 марта


Подать заявку можно по ссылке:

Урматтуу Ишкерлер!

Бирдиктүү салык декларациясын (жылдык отчет тапшыруу) боюнча окутуу Жалал-Абад жана Талас облустарында уюштурулуп жатат. 

Баасы: 1000сом

📍Жалал-Абад шаары, Манас 78А, JIA кеңсеси, 📌20-февраль күнү саат 15:00

📍Талас шаары, Ч.Айтматова 232, JIA кеңсеси, 23-февраль күнү саат 15:00

Катталуу үчүн:

Жалал-Абад: +996 221 123 435

Талас: +996 505 003 422