Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин @oscebishkekтин каржылык колдоосуна алынган программанын жыйынтыгында ар бир ишкер айым өз багыттары боюнча долбоорлорун, атайын түзүлгөн комиссияга презентация негизде айтып беришти.
Программага ылайык, 20 ишкерге долбоору боюнча тандалган 200 000 сомго бааланган техникалык каражаттар болжолдуу 7-10 жума аралыгында алынып берилмей болду.
📌Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана Ош облусундагы Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
Программанын максаты - Ош облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.
Программага төмөндөгү талаптарга ылайыктуу ишкер айымдар тандалып алынды.
✅ Үч күндүк тренинге катышууга даярдык – ишкердикти өнүктүрүү, бизнес-план түзүү жана стартаптарды өнүктүрүү боюнча окутууга катышуу мүмкүнчүгү бар,
✅ Креативдүү же инновациялык бизнес-идеясынын болушу;
✅ Баштапкы же иштеп жаткан туруктуу (чакан же орто) бизнесинин болушу;
✅ Каржылык эмес гранттык колдоого муктаждык (өндүрүштү баштоо же кеңейтүү, кошумча жабдууларды сатып алуу ж.б.).
——————-
🤝Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) JIA Бизнес-ассоциациясынын @jia.kg демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин @oscebishkekтин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.