Бизнес агартуу кербенинин алкагында ишкерлер жаңы салык талаптары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу, эмгек мамилелеринин жаңыланган талаптары жана кызматкерлердин укуктарын коргоо, прокуратуранын көзөмөлү жана мониторинги – бизнес коргоо жана талаш-тартыштарды чечүү, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого алынган мамлекеттик чаралар тууралуу эксперттер менен жандуу талкуу болуп, актуалдуу суроолорго жооптор алынууда.
Иш-чара өлкөнүн 9 аймагында өтүү максатталып, Жалал-Абад шаарында 25-март күнү өтүп ага 200дөн ашык ишкер катышты. Ош шаарында 26-март күнү өткөрүлүп ага облустун ар аймактарынан келген 250гө жакын ишкер катыша алды. Андан сырткары Талас жана Каракол шаарларында дагы Бизнести агартуу кербени ийгиликтүү өтүп, ишкерлер кызыгуу менен салык өзгөрүүлөр, МЖӨ боюнча өз суроолорун берип, эксперттерден жеринен жооп ала алышты. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан Бизнести агартуу кербени Кара-Балта жана Бишкек шаарларында өткөрүлүп, жыйынтыкталат.
Иш-чара JIA бизнес-ассоциациясы жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы тарабанын уюштуруууга алынып, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) колдоосу менен өткөрүлүүдө.