2014- жылы мигрант болуп Москва шаарында тигүү фабрикасында иштөө менен өзүнө көптөгөн иш тажырыйба топтой алган. Ошол эле жумушту өз өлкөсүндө дагы кылса болооруна көзү жеткен Нуржамал айым 2019-жылы Кыргызстанга кайтып келип,өз ишкердигин өнүктүрүү менен алектенип баштаган.
Ишкер айым 2023-жылы Ишкердикти колдоо борборунун “Айым ишкерлердин экономикалык абалын жакшыртуу” проектине катышып, 6 даана ALLRICO үлгүсүндөгү заманбап тигүү машиналарын кайтарымсыз утуп алган. Ошондой эле аталган борбордун консультанттарынын колдоосу менен ишкердигин бир катар чоңойтууга жетишке.
Юрист консультант менен ишкердигин тастыктоочу документтерин жайына келтирип,Бизнес консультант менен өндүрүлгөн продукцияларды сатууда рынокту аныктоо жана стратегиялык пландарын түзүүдө чоң жардам алган.
"Мен өз кол өнөрчүлүгүмдү өркүндөтүү менен эл аралык рынокко чыгуу жана башка айымдарга да үлгү болууну көздөйм."