27-28 сентябрь күндөрү Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өткөн эл аралык дэңгээлдеги көргөзмөгө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Россия, Кытай, Өзбекстан, Иран, Монголия, Азербейжан өлкөлөрүнөн келген ишкерлер катышып, жаткан көргөзмө аймактын экономикалык абалына чоң таасир этпестен ар бир ишкердин ишмердүүлүгүнүн өсүүсүнө да зор салымыш кошот деп ишенишет.

Көргөзмөгө Ишкердикти Колдоо борборунун консультанттары да катышып, ондогон ишкерлерге ар тараптуу маалыматтарды берип, ИКБнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Ал менен кошо көргөзмөгө ИКБнын кардарлары да катышып, өз продукцияларын алып чыгышты. Айтсак, ар кандай      кургатылган жемиштерди кайрадан иштеп чыгып, ар түрдүү азык түрлөрүн сатыкка чыгарган “Данек” ишканасы кардарларына даамдуу азыктарды сунуштоо менен бирге, келген көрүүчүлөрдүн назарын бура алды. 

Көргөзмөнүн экинчи бөлүгү ишкерлер менен мамлекет ортосундагы мамилеси боюнча уланып, ишкерлер жана мамлекет өкүлдөрү тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.Бул учурда эркин талкуу болуп, ишкерлер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү кенен ар кандай сунуш, пикирлерди талкуулашты. 

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган “«ТҮШТҮК ЭКСПО - 2024» эл аралык универсалдуу көргөзмөсүнүн башкы донору катары ЕККУнун(Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму)  Бишкектеги Программалык кеңсеси сегизинчи ирет иш алып барды.


————

📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.


ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!