📌Бишкек шаарында бизнес-консультанттардын тажрыйба алмашуу программасы ийгиликтүү аяктады.

16-20-сентябрь күндөрү Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультанттары тажрыйба алмашуу программасынын алкагында төмөнкү компанияларга кызматташуу, тажрыйба алмашуу максатында жолугушуулар, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү:
✅ “БИАСТ” өндүрүштүк компаниясынын директору Ахматжан Халилов,
✅Experts of Central Asia консалтингдик компаниясынын директору Таланбек Сакишев,
✅”Момо” Агро Ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев,
✅ “МБАНКтын” маркетинг жана PR бөлүмүнүн директору Асель Абыкеева
жана “Проконсалт” юридикалык консалтингдик компаниясынын директору Малик кызы Чынара менен жолукту.


“Бизнес-консультанттардын тажрыйба алмашуу программасы жемиштүү болду. Жыйынтыгында өнөктөш компаниялар менен ИКБ кызматташууга макулдашылды. Өзгөчө консалтинг компаниялар менен жолугушуулар жеке мен үчүн пайдалуу болду. Алардын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ошол эле учурда башка региондордон келген кесиптештерим менен жакындан баарлашуу жана кейстер менен ич ара бөлүшүүлөр кызыктуу болду.” Март Атапаев, бизнес-консультант.

Бардык өнөктөштөргө жылуу тосуп алуу жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиребиз.