Public Relationship же коомчулук менен байланыш – бул бизнес, мекеме же уюм байланышы бар же түзө ала турган адамдардын түшүнүгүн, колдоосун алуу үчүн аткарган үзгүлтүксүз уюштурулган ишмердүүлүк. Ал ынандыруу, риторика жана кабылдоо түшүнүктөрүнө негизделген. Кыскасы, бул – институттар тарабынан масса менен баарлашуу максатында жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз иш-чаралар, ал проактивдүү жана реактивдүү түрдө коомдук кызыкчылыктын негизинде улана берет. 

PR 1982-жылы Американын коомчулук менен байланыштар ассоциациясы тарабынан түзүлгөн.  Негизги функциялары аудиторияны изилдөө, пландаштыруу, ошондой эле коомчулук менен диалогду түзүү деп аталды.


Кийинчерээк коомчулук менен байланыш - бул уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана анын стратегиялык келечегин жакшыртууга, ошондой эле анын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон адамдар менен өз ара аракеттенүүгө багытталган башкаруу ишиндеги ыкма катары калыптана баштаган. 

Бүгүнкү күндө Лоренс Лонгхи жана Винсент Хазелтон тарабынан иштелип чыккан белги актуалдуу болуп саналат. Ал компаниянын адамдар менен заманбап мамилелерин чагылдырат: "Коомчулук менен байланыштар - бул башкаруунун коммуникативдик функциялары, алар аркылуу уюм өзүнүн айлана-чөйрөсүнө ыңгайлашат, өзгөртөт (же сактайт), алардын уюштуруу максаттарына жетүү үчүн кызмат кылат".

Кыргызстанда коомчулук менен байланыш.

Бизде коомчулук менен байланыш түшүнүгүн сырттан келген термин катары кабыл алат жана бул багыт бизге жаңыдан гана кирди деп ойлошот. Ооба, коомчулукта бул термин катары кабыл алынгандыгына 20 жылга чукул убакыт болду. Бирок бул багыттагы адистер коомчулук менен байланыш кыргыз коомунда эзелтен бар деп айтып келишет. Мисалы: эл башчылар, байлар, коомго төбөсү көрүнгөн адамдар өздөрүн коомчулука жакшы жактарын көрсөтүү үчүн маарекелерде атайын акындарды, жамакчыларды чакырып аны данктап ырдашып суранышкан. Бул ал адам тууралуу коомдо жакшы ой-пикир калыптанышына түрткү берген.


PR-менеджер  - бизнеске коомдогу имиджин бекемдөөгө жана максаттуу аудиторияны табууга жардам берет. Ал уюмдар, мамлекеттик органдар, кайрымдуулук фонддору, ошондой эле социалдык топтор менен иштейт.

Компаниянын имиджи - бул уюмдун аброюн башкаруу. PR адис колдонуучулар брендге кандай мамиле кыларын, ал жөнүндө кандай айтарын жана алар эмнеге нааразы болушу мүмкүн экенин билиши керек. Мунун негизинде репутацияны жогорулатуу жана оң имиджин жаратуу стратегиясы түзүлөт. 


Коомчулук менен байланыш жана маркетинг ортосунда 7 айырмачылык

  • Маркетингдин негизги милдети өнүмдөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу жана жарнамалык билдирүүлөрдү жеткирүү болсо, коомчулук менен байланыш коомдо компания жана бренд жөнүндө оң пикирди түзүү болуп саналат. Айрыкча, бул жерде коомчулук менен байланыш жана бренд маркетингинин бири-бири менен тыгыз байланышта экенин баса белгилөөгө болот.
  • Продукт маркетингде илгериледи, ал эми компания коомчулук менен байланышта алдыга жылат. Маркетолог товарды жана продукт линиясын жылдыруу менен алек болсо, PR адиси бүткүл компаниянын атын жана имиджин жайылтат. 
  • Маркетинг товарды сатат, коомчулук менен байланыш брендди сатат. Маркетинг өнүмдөрдү жана кызматтарды максаттуу аудитория үчүн жагымдуураак  кылууга умтулат. Коомчулук менен байланыштар - бул сиздин компанияңыз. 
  • Маркетологдор өнүмдөрдү жана кызматтарды сатуу керек болгон бааларды карап жатканда; PR адистери коомдун көз алдында бардык маркетинг иш-аракеттеринин, өзгөчө компаниянын баа стратегиясынын кабыл алынышын жана таасирин иликтешет.
  • Маркетинг продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан көбүрөөк пайда табууга, кирешенин туруктуу болушуна, рыноктун үлүшүн көбөйтүүгө, кыскасы капиталды топтоого кызмат кылат. Ал эми коомчулук менен байланыштар компаниянын рыноктогу позитивдүү аброюн сактоого кызмат кылат. Албетте, оң имиджин жана репутацияны топтоо орто мөөнөттүү келечекте пайда катары кайтып келет. Бирок коомчулук менен байланышта бул мотивация маркетингге караганда бираз азыраак. 
  • Маркетинг көптөгөн ар түрдүү жана кошумча инструменттерди, анын ичинде коомчулук менен байланыштарды колдонот. Коомчулук менен байланыш бүтүндөй маркетинг стратегиясынын бир бөлүгү гана каралат. Башкача айтканда, маркетинг коомчулук менен байланышты камтыйт.
  • Маркетинг коомчулук менен байланышка караганда эски дисциплина. Ал экономикадан ажырап, биринчи улуу маркетологдор классикалык экономикалык теорияга каршы чыккан экономисттер болгон. Коомчулук менен байланыш экономикага караганда коомдук илимдерге жакыныраак. 



Перизат Мамарайым кызы 

Ишкердикти колдоо борборунун Ош облусундагы PR-консультанты