Юрист-кеңешчиден акысыз кеңеш алуу үчүн 0 505 67 15 66 номерине ИШКЕР деп жазыңыз! 



Алгач Келишим тууралуу кыскача түшүнүктү белгилеп кетели

Келишим бул эки же андан көп граждандардын жана/же юридикалык жактардын арасындагы граждандык укуктарды жана милдеттерди орнотууга, өзгөртүүгө же жоюуга багытталган иш-аракеттери келишим катары таанылат. Эгерде мазмуну мыйзамдарда же башка мыйзам актыларында каралбаса, келишимдин шарттары тараптардын каалоосу боюнча аныкталат.  Демек келишим тараптардын өз ара макулдашуусунун алкагында жазылуусу өтө маанилүү.


Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде келишимдин 30 түрү каралган, ошол эле учурда алардын көбү бир нече түрчөлөрдү камтыйт (мисалы, каржылоонун ислам принциптерине ылайык келишимдер  10 келишимдин түрүн камтыйт).


Ишкерлердин келишим түзүүдөгү проблемалары

ИКБдагы 4-5 жылдык региондордогу тажрыйбама ылайык айта турган болсом, чакан жана орто бизнес ээлери көпчүлүк эле учурда келишимдин ооз эки түрүн гана колдонуп келишет. Ал эми жазуу түрүндөгү келишимди негизинен финансылык документтерин толуктоо, формалдык түрдө гана түзүп коюу максаттарында түзүшөт.  Мында да келишимдин интернеттен алынган стандарттык шаблондорун колдонуу менен чектелишет. Мындай абал көпчүлүк учурларда көйгөйлөргө алып келет. Себеби тараптардын аталган келишимдин шарттарын ар кандай түшүнүүсүнөн улам пикир келишпестиктер, тараптардын мамилелери табийгый эмес келишимдик жөнгө салуудан улам тараптардын ортосундагы чыр-чатактар, экинчи тарапты келишимди аткарууга аракет кылууда соттогу көйгөйлөр сөзсүз  пайда боло турган маселелер.  Ошондой эле бир ишкердин ишмердүүлүгү үчүн идеалдуу түзүлгөн келишим башка ишкердин ишмердүүлүгү үчүн идеалдуу же ылайыктуу эмес, кайра проблема болуусу да мүмкүн. Анткени ал башка субъекттин жеке кырдаалы үчүн иштелип чыккан жана бизнесте таптакыр окшош жагдайлар жок десек да болот.


Көйгөйдөн чыгуу жолдору (сунуш)

Ошондуктан ар бир келишим өз алдынча атайын иштелип чыгылышы керек. Мында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин тийиштүү жоболорун (түрүнө жараша) жана тармагына тийешелүү мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен тараптардын өз ара макулдашуусу жазылат. Ошону менен бирге аталган түрдөгү келишимди түзүүдө көңул бурула тарган жоболор эске алынат (интернет булактарынан). Ошондой эле мүмкүн болсо сот өндүрүшүнүн чечимдерин да эске алуу менен түзүү (иштеп чыгуу) ашыкча болбойт. Ал эми тараптардын өз ара макулдашуусу юрист-кеңешчинин катышуусунда бирге отуруп  кеңешилип, макулдашылып, дыккаттык менен жазылууга тийиш. Мында келишимдин ар бир бөлүктөрү өз алдынча каралып, ар бири боюнча тараптар бир пикирге (макулдашууга) келишет. 


Жогоруда белгиленген сунуштарды колдонуу менен келишим түзүү сиздин келишимиңиздин жандуулугун камсыз кылат жана жогоруда белгиленген көйгөйлөргө дуушар болуу рискин азайтат. Бул сунуштар сиздерге пайдалуу болот деген үмүттөбүз! Эгерде сиздерде суроолор жаралса Ишкердикти Колдоо Борборунун кеңешчилерине ар дайым кайрылсаңыздар болот!