Программанын максаты:
Ош облусунда өз бизнесин ачууну же иштеп жаткан бизнесин өнүктүрүүнү каалагандарга
финансылык эмес (техникалык) колдоо көрсөтүү аркылуу жаштардын ишкердик
жөндөмүн өнүктүрүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Программага 18-35 жаштагы жаштар катыша алат:
Гранттык колдоого төмөнкү талаптарга жооп берген жаштар катыша алат:
✅ Үч күндүк тренингге катышууга даярдык – ишкердикти өнүктүрүү, бизнес-план түзүү
жана стартаптарды өнүктүрүү боюнча окутууга катышуу мүмкүнчүгү болушу керек;
✅ Креативдүү же инновациялык бизнес-идеясынын болушу;
✅ Баштапкы же иштеп жаткан туруктуу (чакан же орто) бизнесинин болушу;
✅ Каржылык эмес гранттык колдоого муктаждык (өндүрүштү баштоо же кеңейтүү,
кошумча жабдууларды сатып алуу ж.б.).
Артыкчылыкка ээ тармактар:
✔ Инновация жана IT –санариптик , программалык камсыздоо иштеп чыгуу, IT-
чечимдерди ишке ашыруу жана билим берүү процессине технологияларды киргизүү.
✔ Жаратман экономика: интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасы болгон
товарларды жана кызматтарды сатуу.
✔ Жашыл экономика
✔ Билим берүү жана маалыматтык бизнес (медиа жана маалымат каражаттары).
✔ Туризм жана мейманкана бизнеси.
✔ Кол өнөрчүлүк – сувенирлер, зер буюмдар, эмерек, кооздук буюмдар жана башка
уникалдуу буюмдарды салттуу же заманбап ыкмалар менен кол менен жасоо.
Тандоо маалында артыкчылык берилет:
✔ Социалдык багытта болгон бизнес – жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактын
социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана коомдук маанилүү маселелерди
чечүүгө салым кошкон ишкерлер.
✔ Креативдүү бизнес-идеялары– жаратман индустрияны өнүктүрүүгө, инновацияларды
киргизүүгө жана уникалдуу продукциялар же кызматтарды түзүүгө багытталган
долбоорлор.
✔ Экологиялык же туруктуу долбоорлорду ишке ашырган аялдарга – айлана-чөйрөнү
коргоого, туруктуу өнүгүүгө жана калдыктарды азайтууга багытталган ишкерлер.
✔ Экспортко багытталган долбоорлор, анын ичинде IT.
Программага тандалып алынган катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ
болушат:
✔ Ишкердикти жүргүзүү боюнча тренингдерден өтүү – укуктук сабаттуулук, бизнес-план
түзүү, каржыны башкаруу, маркетинг жана продукцияны/кызматтарды илгерилетүү
боюнча окутуу.
✔ Сапаттуу бизнес-пландарды/долбоорлорду түзүү – реалдуу максаттарды коюп, бизнес-
идеяларын натыйжалуу презентациялоону үйрөнүү.
✔ Консультациялык жана колдоо кызматтарын алуу – ИКБ консультанттары долбоордун
бүтүндөй аткаруу мөөнөтүндө (2 жылга чейин) мониторинг жүргүзүп, катышуучуларды
коштоп жүрүшөт.
✔ Гранттык жабдууларды алуу – тренингдин аягында бизнес-планын ийгиликтүү
коргогон катышуучулар бизнес ачуу, жүргүзүү же кеңейтүү үчүн керектүү жабдууларды
алышат.
Гранттык жабдууларды берүү тартиби:
Гранттык жабдуулар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып
алынып, катышуучуларга берилет.
Жабдууларды берүү программанын сатып алуу процедуралары аяктаган учурда ишке
ашырылат.
Гранттын жогорку суммасы 200 000 сомду түзөт.
Жабдууларга коюлуучу талаптар:
1. Бир катышуучу эки гана түрдөгү жабдууну ала алат.
2. Кызмат көрсөтүүгө эмес, өндүрүш ишканалары үчүн стандарттуу жабдуулар
каралат.
3. Жабдуулар Кыргыз Республикасында эркин сатылып турган болушу керек.
4. Колдонулган (БУ) же тийиштүү сертификаты жок өз алдынча жасалган жабдуулар
каралбайт.
Көңүл бургула!
Арызда берилген маалымат так, тастыкталган жана ишенимдүү болушу керек.
Өтүнмө толук жана туура толтурулушу керек. Толук эмес же туура эмес
толтурулган арыздар каралбайт.
Долбоорлор үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга
багытталбашы керек.
Арыздарды кабыл алуунун тартиби жана Программага катышуунун шарттары:
Программага катышуу үчүн сиз толтурулган арызды
https://forms.gle/rX38rUCWLkRvWmBFA кечиктирбестен 2025-жылдын 15-майдын,
саат 18:00гө чейин тапшырышыңыз керек
Программага катышуу толугу менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
тарабынан каржыланат