Кыргыз Республикасында юридикалык жакты каттоо: негизги талаптар жана тартиби

1. Ким юридикалык жактын катышуучусу(лары) катары чыга алат?

Катышуучулар (уюштуруучулар) катары жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде КР Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыга алат.

Маанилүү чектөөлөр:

  • Жалгыз катышуучу: Юридикалык жактын жалгыз катышуучусу катары бир жактан турган башка чарбалык коом чыга албайт. Жоопкерчилиги чектелген коом жалгыз уюштуруучусу (акционери) катары бир жактан турган башка чарбалык коомго ээ боло алат, бул шартта мындай чарбалык коомдор чет өлкөлүк юридикалык жактын түз же кыйыр көзөмөлүндө болбоого тийиш.

  • ЖЧКнын катышуучуларынын саны: 50 адамдан ашпоого тийиш.

  • ЖАКтын акционерлеринин саны: 50 адам менен чектелген.

  • Ишмердүүлүктү текшерүү: Эгерде жеке же юридикалык жак он же андан көп компаниянын уюштуруучусу болсо, жаңы юридикалык жакты каттоо мурда катталган уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн токтотулушу мүмкүн.

Кыргызстанда юридикалык жакты ачуу мыйзамдардын бир катар талаптарын сактоону жана документтердин тиешелүү топтомун даярдоону талап кылат. Төмөндө каттоонун тартиби, актуалдуу талаптар жана жол-жоболордун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн.

2. Каттоо үчүн кандай документтер керек?

Мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкү документтерди даярдоо зарыл:

  • Белгиленген формадагы каттоо жөнүндө арыз;

  • Юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечим же бир нече уюштуруучу болгон учурда уюштуруу келишими;

  • Имараттын менчик ээсинин же ижарага алуучусунун даректи юридикалык дарек катары пайдаланууга берген макулдугу;

  • Уюштуруучунун жана жетекчинин паспортторунун көчүрмөлөрү;

  • Чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн: соода реестринен мыйзамдаштырылган (легализацияланган) же апостилдештирилген көчүрмө;

  • Каттоо жыйымын төлөгөндүгү жөнүндө документ.

Каттоо арызында бенефициардык кожоюндар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү милдеттүү. Көпчүлүк учурларда каттоочу органга уставды жана уюштуруу келишимин берүү талап кылынбайт, себеби ишмердүүлүк типтүү уставдардын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Документтерди тариздөөгө коюлган талаптар

  • Документтердин тили: Документтер кыргыз же орус тилдеринде берилиши мүмкүн. Чет тилдеги документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен коштолууга тийиш.

  • Нотариалдык күбөлөндүрүү: Уюштуруучулар каттоочу органга жеке өздөрү барып кайрылган учурда, уюмду түзүү жөнүндө чечимдеги жана дарек ээсиний макулдугундагы кол тамгаларды нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Документтер ишеним кат боюнча өкүл тарабынан берилген учурда гана нотариалдык күбөлөндүрүү милдеттүү болуп саналат.

  • Электрондук формат: Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен документтерди электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

4. Каттоо үчүн кайда кайрылуу керек?

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырат. Катталгандан кийин уюм автоматтык түрдө төмөнкү органдарда эсепке алынат:

  • Салык органдарында;

  • Статистика органдарында;

  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда.

Айрым категориядагы уюмдар үчүн кошумча талаптар каралган. Мисалы, каржы-кредиттик мекемелер Улуттук банк менен макулдашуусу керек, ал эми акционердик коомдор каржылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органда акциялардын чыгарылышын каттоого милдеттүү.

Мамлекеттик каттоонун мөөнөттөрү:

  • Катардагы коммерциялык уюмдар — 3 жумушчу күнгө чейин;

  • Каржы-кредиттик уюмдар — 5 жумушчу күнгө чейин;

  • Саясий партиялар — 10 жумушчу күнгө чейин.

Документтердеги каталардан улам каттоодон баш тартылган учурда, мамлекеттик алым кайтарылып берилбейт.

5. Уставдык капиталга коюлган талаптар

Уставдык капиталдын өлчөмү жана түзүлүү тартиби компаниянын уюштуруучулук-укуктук формасына байланыштуу.

  • ЖЧК үчүн: Уставдык капиталдын эң төмөнкү өлчөмү мыйзам тарабынан белгиленген эмес жана символикалык сумманы түзүшү мүмкүн. Салым каттоодон өткөндөн кийин бир жылдын ичинде киргизилиши керек.

  • Акционердик коомдор үчүн: Уставдык капиталдын эң төмөнкү өлчөмү 100 000 сомду түзөт жана уюштурулуп жаткан учурда толугу менен төлөнүүгө тийиш.

Уставдык капиталга салым катары төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: акча каражаттары, баалуу кагаздар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акчалай бааланган мүлктүк укуктар.

Эгерде экинчи каржы жылынын жыйынтыгы боюнча ЖЧКнын таза активдеринин наркы уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болуп калса, коом анын өлчөмүн азайтууга же жоюу жол-жобосун баштоого милдеттүү.

6. Мөөр алуу жана банктык эсеп ачуу

Мөөр алуу

Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн болушу милдеттүү талап эмес. Бирок, мөөр колдонулган учурда анда уюмдун толук аталышы кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлүшү керек.

Мөөр даярдоо үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү алып, атайын уюмдарга кайрылуу керек. Мамлекеттик органдардын кошумча уруксаттары талап кылынбайт.

Банктык эсеп ачуу

Катталгандан кийин юридикалык жак тандалган банкта эсептешүү эсебин ача алат. Бул үчүн адатта төмөнкүлөр берилет:

  • Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;

  • Уюштуруу документтери;

  • Кол тамгалардын үлгүлөрү коюлган карточка;

  • Жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук.

Банктык тейлөө келишими түзүлгөндөн кийин, банк эсеп ачылгандыгы тууралуу салык органдарына өз алдынча кабарлайт.

Мындай тартип ишкерлерге бизнести кыска мөөнөттө каттоодон өткөрүп, ишмердүүлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен баштоого мүмкүндүк берет.

Перечень и образцы необходимых документов для регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)

по ссылке http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/193/ 

Cм. также на сайте Министерства Юстиции http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/13

ИП или ОсОО: какую форму выбрать?